2020-2021-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи

Admin
25 июня 2021 г. 18:32

22-июнь күнү Кыргызстан Ислам университетинин 2020-2021-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнүн бүтүрүү аземи болуп өттү. Аземге Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов, Дин иштери боюнча мамлеткеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары Исаева Гульназ айым жана аталган мекеменин бөлүм башчылары, ардактуу-кадырман аксакал устаздар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, Кыргызстан Ислам университетинин жалпы эмгек жамааты катышты. Ошону менен биргеликте Кыргызстан Ислам университетинин Ош Куран борборунун 2020-2021-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү да катышты. Быйылкы окуу жылы Кыргызстан Ислам университетин шарият адистигинин толук курсун аяктаган жүз чакты бүтүрүүчүлөрдүн катарында 8 бала Куранды толук жаттаса, Ош Куран борборунан 9 бала Ыйык Куранды толук жаттап, атайын күбөлүк жана мектепти толук аяктагандыгын тастыктаган аттестатка ээ болушту. О.э. окуу жайыбыз теология адистиги боюнча 2017-жылы Билим берүү министрлигинин лицензиясына ээ болгон болсо, быйылкы жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарып, жакынкы күндөрү аккредитациядан да өтүп, аталган адистик боюнча бүтүрүүчүлөргө диплом берүү укугуна ээ болуп олтурат. Аземдин алкагында Кыргызстан Ислам университетинин кээ бир окутуучулар жамааты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Бишкек шаардык казыятынын, Дин иштери боюнча мамлеткеттик комиссиясынын, Кыргызстан Ислам университетинин Ардак грамоталарына ээ болушту. Окуу жайыбыз тарабынан да кээ бир өнөктөш мекемелердин жетекчилерине, өкүлдөрүнө, ишкерлерге жана окуудагы жетишкен ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн бүтүрүүчүлөргө Ардак жана ыраазычылык баракчалары ыйгарылды. Аземдин аягында бүтүрүүчүлөр устаздарга, окуу жайга жана кураторлоруна белек-сыйлыктарын тапшырышты.