Кыргызстан Ислам университетинде “Ачык эшиктер” күнү болуп өттү

Admin
2 июня 2021 г. 5:24

1-2-июнь күндөрү Кыргызстан Ислам университетинде “Ачык эшиктер” күнү болуп өттү. Иш-чарага мектеп, медреселердин бүтүрүүчүлөрү, окуучулары катышты. Иш-чаранын алкагында катышуучулар окуу жайыбыз менен кенен танышып, окуу жайыбыздын окуу иштери боюнча проректору Матраимов Абдиваси, Гуманитардык билимдер факультетинин деканы Исмаилов Абдышукур, Тарбия жана социалдык иштер боюнча проректору Ниязов Бакытбек, Окуу бөлүмүнүн башчысы Гульмуродов Саибназар, Теология кафедрасынын жетекчиси Эргешов Эрмамат жана Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ташматов Жармамат устаздар катышуучулар үчүн чакан лекция өтүп университет менен тааныштырды.