Кыргызстан Ислам университинин окутуучулар жамааты, студенттери андан сырткары ар кайсыл мугалимдин жакынкы алыскы аймактардагы байланыштары аркылуу Баткен элине жардам чогултулду. Жардам азык-түлүк, кийим-кече, тамак-аш ошондой эле 450 000 сом акчалай каражат болду. Аталган жардамды атайын өкүлдөр Баткенге жеткирип беришти. Атай кетсек Баткен районунун Кара-Бак, Кызыл Бел, Суу бою Карабак, Көк-Таш айылдарынын жапа чеккен элдерине жеткиришти. Андан сырткары кербендин экинчи күнү Лейлек районунун Арка, Максат айылдарында болуп, аталган аманатты өз ээлерине тапшырышты. Белгилей кетсек ректорубуз Абдишүкүр ажы Нарматовдун тапшырмасы менен билим берүү мекемеси тарабынан Максат айылындагы өрттөнүп кеткен мектепке ошол эле билим берүү мекемесине да атайын каражат ажыратылды. Кербендин алкагында устаздарыбыз аталган аймактарда жума баяндарында жана кадыр түн кечелеринде эл менен жолугушуп, орозо айынын артыкчылыгы жана өзгөчө тынчтык, ынтымак-ырашкерлик жөнүндө баяндарды өтүштү. Албетте учурдан пайдаланып аталган иш-чарада жалпы салым кошкондорго терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкөбүздө тынчылык болсун. Кошуналар менен ынтымакта, достукта жашоого Кудайым насип этсин. Орозонун куттуу күндөрүндө кылган жакшылыктарыңыздарды Кудай Таала эселеп, арттырып, берекелүү кылып берсин.