Баткен элине жардам

Admin
9 мая 2021 г. 9:58

«Кайсы бир мусулмандын бир муктаждыгын чечкен адамдын дүйнөдөгү жана акыреттеги муктаждыгын Аллах Таала чечип койот». Башына балээ-кырсык түшкөндө бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып, жапа тырмак жардам берип жиберүү кыргыздын айкөлдүгүнөн. Буга жакындагы Баткен окуясынан кийин дагы бир жолу даана күбө болдук. Буга айрыкча, жардам, садаганын сооп-сыйын көпчүлүккө жеткирип, диндеги артыкчылыгын элге түшүндүргөн аалым, устаздарыбыздын эмгеги зор. Устаздарыбыз тили менен гана айтып жеткирбестен, иш жүзүндө да элге үлгү-өрнөк болушту. Алсак, Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Абдишүкүр Нарматов устазыбыз окуя болгон күнү эртеси жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары менен биргеликте Гум жардам жеткирип келген эле. Рамазандын 27-күнү 9-майда кайрадан кээ бир атын атагысы келбеген берешен бир туугандар менен биргеликте Баткен районунун Ак-сай, Таш - тумшук, Орто-боз, Достук айылдарында үй-жайы күйүп кеткен 35 уй-бүлөгө ар бирине 35 000 сомдон жалпы 1225000 сом акчалай жардам берди. Баса белгилеп айтсак жогорудагы сумма nasaat kg жана Аянба коомдук фондунун эсебине түшкөн акча эмес. Буюрса Эмки жардам Лейлек районундагы жабыркаган тургундарга берилмекчи. Кыйын күндө жакындан жардам көрсөткөн устазыбызга ыраазылык билдирген тургундар менен бирге биз да ыраазылык билдирип, сооп-сыйын Аллахтан тилейбиз.