Группалар арасында өткөрүлгөн жазгы спорттук мелдеш

Admin
6 апреля 2021 г. 9:56

6-7-апрель күндөрү Кыргызстан Ислам университетинин уюштуруу бөлүмү тарабынан уюштурулган жазгы спорттук иш чаралары өткөрүлдү. Футбол боюнча өткөрүлгөн спорттук таймашка студенттерден 18 команда, волейбол боюнча өткөрүлгөн спорттук таймашка студенттерден 18 команда катышып, жеңүүчүлөргө кубок, грамоталары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Спорттук мелдеш эрте менен башталып, өтө сонун маанайда уланды жана кечки саат 19:00дө аяктап, жыйынтык чыгарылды. Мелдеш соңунда 2010-жылы 7-апрелде башынан ок жеп, каза болгон бүтүрүүчүбүз Эргешов Мирлан менен студентибиз Эңсебай уулу Адылга арналып куран окулду жана өлкөбүздө тынчылык, ийгиликтер тиленип дуба-баталар кылынды. Мелдештин жыйынтыгында футбол боюнча: 1-орунга: АФ-318-1 группасы; 2-орунга: ТЛ-318-1 группасы; 3-орунга: ТЛ-219-1 группасы. Волейбол боюнча: 1-орунга: Шарият 2 курс группасы; 2-орунга: АФ-219-1 группасы; 3-орунга: АФ-120-1 группасы. Уюштуруучу: Кыргызстан Ислам университетинин Уюштуруу бөлүмүнө терең ыраазычылык билдиребиз.