Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи

Admin
13 марта 2021 г. 9:55

13-март күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК” жана “ОКУГАН МУУН - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК” аттуу Республикалык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, КИУнун проректору Авдибаси Матраимов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садибакас ажы Доолов, Маданият, маалымат жана спорт министринин орун басары Илязбек Балташев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү жана демөөрчүлөр, Бишкек шаарынын тургундары катышты. Саат 10:00дөн башталган иш-чара түшкө саат 13:30 чейин уланып, анда атайын сахналаштырылган драма жана тарбиялык мааниси бар видеороликтер көрсөтүлүп, аалымдар китеп окуунун пайдасы жана анын мааниси тууралуу баяндамаларын айтышты жана аземге келген коноктордун ортосунда оюн ойнотулуп, белектер тапшырылды. Сынактын жыйынтыгы менен 5 китеп боюнча жогорку балл алган катышуучуларга Умра сапары, ыраазылык баракчалар жана күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдар, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми баш байге үчүн берилген батирди Ош шаарынын тургуну, дин кызматкери Марат уулу Баястанга берилди. Ал “Усул Хадис” китебинин негизинде катышып, чүчүкулактын негизинде жеңүүчү аталды. Батирдин ачкычын “Кут” курулуш компаниясынын мүдүрү Жоомарт Сулайманов өзү тапшырды.