«Окуган муун – жаркын келечек» жана «Билимдүүгө дүйнө жарык» китеп окуу конкурсу

Admin
27 февраля 2021 г. 9:54

«Окуган муун – жаркын келечек» жана «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсунун катышуучулары тест түрүндө сынак тапшырышты. Бүгүн, 27-февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан өлкө боюнча уюштурулган «Окуган муун – жаркын келечек» жана «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурстары болуп өттү. Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн конкурс борбор калаабыз Бишкек шаарында Кыргызстан Ислам Университетинде айымдарга жана мырзаларга, “Биринчи кадам” кайрымдуулук мекемесинде мырзаларга жана КИУнун экинчи имаратында айымдарга өткөрүлдү. Ал эми аймактарда болсо облустардын борборлорунда, Кара-Балта, Нарын,Токмок, Талас, Каракол, Балыкчы, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Токтогул, Ноокат, Өзгөн, Кадамжай, Исфана жана Кочкор Ата шаарларында өткөрүлдү. КМДБнын азирети муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, КИУнун проректору Абдиваси Матраимов, КИУнун проректору Нурланбек Масылбаев жана КИУнун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шермухаммед Ташматов конкурстун катышуучулары менен жолугушуп, ийгиликтерди каалады. Китеп окуу конкурсу 5 китептин негизинде өттү. “Билимдүүгө дүйнө жарык” китеп окуу конкурсунун алкагында: 1. Мечит имамдары жана диний кызматкерлер “Фикх” китеби боюнча; 2. Окуу жай устаздары “Усул хадис” китеби боюнча; 3. Диний окуу жай студенттери, бүтүрүүчүлөрү, теологдор “Усул фикх” китеби боюнча. Бардык жарандар үчүн “Окуган муун жарын келечек” китеп окуу конкурсу боюнча: 4. “Мусулмандын адеби” 5. “Фыкх Ас-Сира” Сынактын жыйынтыгы ушул жылдын 13-мартында чыгарылат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу салтанат менен өткөрүлөт. Баш байге Бишкектен бир бөлмөлүү батир. Мындан тышкары калган орундарга Умра сапары жана акчалай сыйлыктар, баалуу белектер берилмекчи.