Болгар Ислам Академиясы жана Кыргызстан Ислам Университети кызматташууга кол коюшту

Admin
23 декабря 2020 г. 9:41

2020-жылы 23-декабрь күнү Россия Федерациясынын Болгар Ислам Академиясы менен Кыргызстан Ислам Университети илимий жана билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Келишимге эки жогорку окуу жай ректорлору Абдрахманов Данияр хазрат Мавлиярович жана Нарматов Абдишүкүр ажы Исламович кол коюшту. Келишимдин негизинде эки тарап илимий изилдөө иштерин жүзөгө ашыруу, илимий эмгектерди, котормолорду жана басылмаларды жарыялоо, окутуучулардын тажырыйба алмашуу жааттарда кызматташууга милдеттенишет. Онлайн конференциянын алкагында тараптар билим берүү программаларын жана университеттерде ишке ашырылып жаткан илимий долбоорлорду талкуулашты. Баарлашуунун жүрүшүндө Данияр Мавлиярович Болгар Ислам Академиясында Кыргызстандык студенттер ийгиликтүү билим алып жатканын баса белгилеп, жергебизге болгон иш сапарын жылуу сөз менен эскерип өттү. О.э. устаз Абдишүкүр Исламович да кесиптешине кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы жамаатына ден-соолук жана бакубат жашоо каалады.