Бүгүн 21-октябрда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дин аалымдары Абдишүкүр ажы Нарматов, Садыбакас ажы Доолов жана маркум Чубак ажы Жалиловго «Айкөл» орденин тапшырды. «Бул сыйлыктар 2020-жылдын март айында Бишкек шаарында өтүүчү «Абу Ханифа мазхабынын Орто Азиядагы орду» аталышындагы Эл аралык конференцияда тапшырылмак. Тилекке каршы Эл аралык конференциябыз пандемияга байланыштуу токтоп, белгисиз мөөнөткө жылган эле. Бул аралыктарда көптөгөн асыл инсандарыбыздан, аалымдарыбыздан айрылдык. Сыйлыктарды тапшыруу пандемияга байланыштуу бүгүнкү күнгө туш келди»,-деди Азирети Муфтий. Муну менен катар Азирети Муфтий маркум Чубак ажы Жалиловдун кыргыз элинин жан дүйнөсүн шарият көрсөткөн тартипте байытып, коомубуз үчүн жасаган эбегейсиз эмгеги үчүн элибиздин эсинде түбөлүк сакталып кала тургандыгын баса белгилеп, «Айкөл» орденин уулу Абдуллого тапшырды. «Айкөл» ордени Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эң жогорку даражадагы ордени. «Айкөл» ордени элдин руханий жан дүйнөсүн байытууга, мамлекеттин ынтымагын, тынчтыгын, биримдигин, бүтүндүгүн сактоого жана Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтып, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тапшырылат.