КИУнун ректору А.И. Нарматовдун студенттерди 1-сентябрь "Билим күнү" менен куттуктоосу

Admin
1 сентября 2020 г. 9:35

“Урматтуу студенттер, бүгүн мамлекет илимдүү, таланттуу, демилгечил жаштар катары силерге ишеним артат! Силер Кыргызстандын үмүтүсүңөр. Өлкөбүздүн келечектеги бакубат турмушу силердин күч-аракетиңерге көз каранды. Кыргызстандын келечеги билим берүү менен түптөлө турган пайдубалга негизделет. Ошондуктан мамлекет башчыбыз да өлкөдөгү билим берүүнү өркүндөтүүгө зор маани берип келет. Андыктан мамлекет башчыбыздын ишеничин актап, чын дилден билим алып, келечекке ишенимдүү кадам таштагыла. Жаңы окуу жылыңар ийгиликтер менен коштолсун. Алла Таалам силерге пайдалуу илим берсин!”.