Ош Куран борбору Ош мэриясына учурдагы кырдаалга байланыштуу убактылуу обсервацияга берилди

Admin
25 июля 2020 г. 9:34

Кыргызстан Ислам университетинин ректору Нарматов Абдишүкүр ажы аталган окуу жайдын атынан Ош Куран борборун Ош мэриясына учурдагы кырдаалга байланыштуу убактылуу обсервацияга берди. Иш чарага Ош шаарынын Мэри Сарыбашев Таалайбек жана Ректорубуз баш болгон КИУнун проректорлору катышты. Белгилей кетүүчү маселе ректорубуз аталган обсервацияга 5(Беш) даана концентратор жана 60 даана медициналык коопсуздук кийимин тапшырып, аталган обсервацияда эмгектенүүчү дарыгер, кызматкерлерге тамак-аш, муктаждыктарын да камсыздай турган болду. Жараткан өлкөбүздү коргоп, элибизди коргосун! @ Кыргызстан Ислам Университети