Араб филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган "Араб тилин окутуунун жаңы усулдары" семинары

Admin
24 октября 2019 г. 9:05

22-24-октябрь күндөрү Кыргызстан ислам университетинин ректорунун буйругунун негизинде, ректорат менен Араб филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган "Араб тилин окутуунун жаңы усулдары" аттуу темада үч күндүк семинар өткөрдү. Семинарды доктор Саййид Иззат жана Египет, Араб мамлекетинин Аль-Азхар университетинен келген араб устаздар Набих, Усама, Ахмад, Мухаммад Наср устаздар лекция окушту. Семинарда канткенде араб тилин жаңы үйрөнүп келе жаткан студенттерге ыңгайлуу жеңил ыкма менен үйрөтүү тууралуу талкуу болду. Жана ошондой эле семинардын аягында семинарга катышкан мугалимдерге сертификат тапшырылды.