Мугалимдер күнүнө карата уюштурулган иш-чара

Admin
4 октября 2019 г. 9:00

4-октябрь 2019-жыл. Балдар үйүндө, же карылар үйүндө болобу, же өз бүлөсүндө жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ар убак унутта калбай көңүл борборунда болсо деген тилек ар бирибизде жашайт. Кыргызстан Ислам университети бул багытта алда канча көп иштерди жасап келе жаткандыгына күбө болуп келебиз. Бул жолу да окуу жайдын Студенттик кеңеши жана Шарият кафедрасы тарабынан уюштурулган "Кайрымдуулук тамак-аш" жарманкеси болуп өттү. Жарманкенин алкагында чогулган акча каражаты муктаж үй-бүлөлөргө берилмекчи. Ошондой эле 5-октябрь Кыргызстан Ислам университетинде "Мугалимдер күнү" белгиленди. КИУнун ректору Нарматов Абдишүкүр устаз жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, ыраазычылыгын билдирди. Ал эми КМДБнын Үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Азрети муфтий Максат ажынын салам, куттуктоосун жеткирип, Асомудинов Нурдин устаз менен Асранкулов Абдилла устазга КМДБнын Ардак грамотасын тапшырды.