Группалар арасында өткөрүлгөн күзгү спорттук мелдеш

Admin
28 сентября 2019 г. 8:59

28-сентябрь күнү Кыргызстан Ислам университетинин уюштуруу тобу жана КИУ коомдук фонду тарабынан уюштурулган күзгү спорттук иш чаралары өткөрүлдү. Футбол боюнча өткөрүлгөн спорттук таймашка студенттерден 18 команда катышып, жеңүүчүлөргө Ардак грамоталары, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Спорттук мелдеш эрте менен башталып, өтө сонун маанайда уланды жана кечки саат 20.00дө аяктап, жыйынтык чыгарылды. Спорттук иш-чарага мугалимдер күбө болуп, өз тайпаларына дем берип, сүрөп турушту. Мелдештин жыйынтыгында: 1-орунга “4-а” группасы; 2-орунга “Т-119-1” группасы; 3-орунга “1-б” группасы ээ болушту. Уюштуруучу: КИУ коомдук фондуна жана Кыргызстан Ислам университетинин уюштуруу тобуна терең ыраазычылык билдиребиз.