Тил күнүнө карата "Улуттун улуулугу - эне тилинде" аттуу жолугушуу кечеси болуп өттү.

Admin
23 сентября 2019 г. 8:56

23-сентябрь "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын" кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата Кыргызстан Ислам Университетинин Уюштуруу бөлүмү менен Студенттик кеңеши тарабынан уюштурулган "Улуттун улуулугу - эне тилинде" аттуу жолугушуу кечеси болуп өттү. Кечеге атайын ардактуу конок катары чакырылган котормочу, диктор, көрүнүктүү коомдук ишмер Орозбек Мусакеев агай жана Дил-мүрөк борборунун мүдүрү Темирлан Акматов агай келип, студенттерге өзүдөрүнүн баалуу кеп-кеңешин, жашоодо шамчырак болор акыл-насааттарын айтып беришти. Иш-чаранын алкагында студенттер өздөрү кызыккан суроолорду беришип, жоопторду алышты. Жолугушуунун аягында кадырлуу конокторго ыраазычылык баракчасы жана баалуу белек тапшырылды. Учурдан пайдаланып, жалпы Кыргызстан элин "Кыргыз республикасынын Мамлекеттик тил" күнү менен куттуктайбыз!