"Экстремизмди, терроризмди жана улуттар аралык касташууну алдын алуу" аттуу темада семинар

Admin
10 сентября 2019 г. 8:49

10-11-сентябрь күндөрү Кыргызстан Ислам университети жана Студенттик Кеңеши тарабынан уюштурулган "Экстремизмди, терроризмди жана улуттар аралык касташууну алдын алуу" аттуу темада семинар КИУнун жыйындар залында болуп өттү. Семинарга 1-курстагы жалпы студенттер катышты. Семинардын лекторлору Аманбаев Манас КРнын ИИМнин ЭММКАКнын кызматкери милициянын подполковниги жана КР ДИМКсынын Экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ногойбаев Максат кызыктуу жана пайдалуу лекция өтүп беришти.