2017-жылдын 12-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан берилген диний жогорку билим берүүгө укук берген – №0382-РУЗ – күбөлүккө ээ болгон.

2017-жылдын 7-июлундага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин №936/1 буйругунун негизинде билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн – № LD170001294, Шифр: 531600 Теология – лицензияга ээ болгон.

Лицензия ээ болгон 531600 – Теология билим берүү программасын ишке ашыруу максатында «Теология жана табияттык-гуманитардык сабактар» кафедрасы түзүлүп, билим берүүнүн жаңы багыты боюнча – 531600 – Теология адистиги боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде студенттерди окутуп баштады. «Теология жана табияттык-гуманитардык сабактар» кафедрасынын башчысы болуп Шукур Исмаилов дайындалган. Натыйжада, университеттин тарыхында алгачкы ирет мамлекеттик лицензиянын негизинде билим берүү процессин жүргүзүү үчүн 2017-2018-окуу жылы үчүн 1-курска 50 студент кабыл алынган. «Теология жана табияттык-гуманитардык сабактар» кафедрасы 2018-жылы Теология кафедрасы болуп кайра түзүлгөн.

    2018-2019-окуу жылы үчүн 1-курска 50 студент кабыл алынды.
    2019-2020-окуу жылы үчүн 1-курска 50 студент кабыл алынды.
    2020-2021-окуу жылы үчүн 1-курска 50 студент кабыл алынды.

Учурда 531600 – Теология билим берүү программасы боюнча 197 студент билим алууда. 531600 – Теология билим берүү программасы 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы менен алгачкы бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруу алдында турат.

ОБРАЗОВАТЕЛЬНАЯ ПРОГРАММА 531600 – ТЕОЛОГИЯ
Код направлений Наименование направлений Профиль подготовки № лицензий и дата выдачи
1 531600 Теология Исламская теология № LD170001294, от 07.07.2017г.
КОНТИНГЕНТ СТУДЕНТОВ (ПРИЕМ, ОЖИДАЕМЫЙ ВЫПУСК)
Учебные годы Прием (студ.) В том числе Выпуск (чел. и в %)
по гранту по контракту
2017-2018 50 0 50 -
2018-2019 50 0 50 -
2019-2020 50 0 50 -
2020-2021 50 0 47 Ожидаемый выпуск – 47 (97%)
Всего 200 0 197 Ожидаемый выпуск – 47 (97%)