КИУ тарыхчасы

Кыргызстан Ислам университети — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын (КМДБ) алдында Ислам дининин баалуулуктарын жана шарият өкүмдөрүн илимий негизде үйрөткөн жогорку окуу жай.

1990-жылдардын башында Кыргызстандын диний башкармалыктын башчысы Кимсанбай ажы Абдрахманов Бишкек шаарында Ислам медресесин ачуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ошентип, 1991-жылдын башында өлкөбүздөгү жалпы мусулмандардын колдоосу менен Бишкек шаарында Азирети Умар атындагы Ислам медресеси ачылган.

Өнүгүүнүн туура багытын карманган медресе тез аранын ичинде эле, тагыраак айтканда, 1993-жылы КМДБнын алдындагы Азирети Умар атындагы Ислам институтуна айланган.

Өлкөбүздөгү мусулман коомчулугунун арасында белгиүү абройго жетише алган институт 2003-жылы 25-апрелиндеги Кыргызстан Мусулмандарынын II курултайынын жана Уламалар Кеңешинин чечими менен университет статусуна ээ болуп, Кыргызстан Ислам университети (КИУ) деп аталып калган.

Медресе учурунда 4 гана устаз болгон болсо, институт кезинде (1998-жылы) 12 устаз жана 200 ашуун талаба (окуучу) болгон. Азыркы учурда университетте 70ке жакын окутуучу эмгектенип, өлкөбүздүн ар кайсыл аймагынан жана чет өлкөлөрдөн келген 800дөн ашуун студент билим алууда. Учурда окутуучулардын курамында илимдин докторлору жана профессорлор бар.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №936/1 буйругунун негизинде 2017-жылдын 7-июлунда Кыргызстан Ислам университетине билим берүү тармагында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берилди. Лицензиянын негизинде Кыргызстан Ислам университети бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берет.

КИУда учурда «Теология жана табияттык-гуманитардык сабактар», «Араб тили» жана «Шарият» кафедралары иш алып барууда.

Кыргызстандагы диний окуу жайлардын флагманы болгон Кыргызстан Ислам университети Ислам тармагындагы жогорку билимдүү кызматкерлерди, диний адистерди даярдап келүүдө. Университеттин бүтүрүүчүлөрү дин тармагындагы бардык жааттарда, ошондой эле ЖОЖдордо, элчиликтерде да алгылыктуу иштеп, диний үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, мамлекетибизге өз салымдарын кошуп келүүдө.