ЖАҢЫЛЫКТАР

Бүгүн 16-декабрь күнү Кыргызстан Ислам Университетинин студенттерине “Үркүн” тасмасы көрсөтүлдү.

2

Мухтар Атаналиев жана Темирлан Акматов агаларыбызды Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Ибраев Марс устаз жылуу тосуп алып, кенен баарлашты.  Окуу жайыбыздын ректору “Тарых жана маданият” жылына карата кыргыз тарыхын тактоого кошкон зор салымы үчүн Мухтар мырзага терең ыраазычылыгын билдирди.

1Тасма бир жарым саатка созулуп, көрүүчүлөрдү эмоцияга бөлөдү. Кино тарыхка таянып тартылгандыгын, деги эле ата-бабаларыбыздын башынан кандай кыйынчылыктар өткөндүгүн көргөндөр көзүнө жаш алды. Өзгөчө ашуудан өтө албай жаткандыгы, жаш  ымыркайдын суукка тоңуп өлгөнү, кээ бирлеринин карышкырга жем болгону ал эми канчаларынын көмүлбөй талаада калгандыгы көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Келген коноктор менен тарыхка кайрылып, ушундай болгондугу жада калса кырдаал мындан да оор болгондугу айтылды. Чындыгында эле “Үркүн” кыргыз эли үчүн эң ыйык оор тема. Тасмадан кийин ошол кездеги ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын көргөндөн кийин биз кандай бактылуубуз деген ой келет экен. Ошол кезде бир сындырым нанга жетпей кыйналышкан болсо, азыркы кезде биздин дасторконго нан батпайт. Көк жалдар, арстандар кол салалбай турган нерсеге киришип, бел байлаган агабызга Аллах ыраазы болсун демекчибиз. Эл тараза эл сынчы дегендей өсүп келе жаткан жаш муундар өз улутун, өз тарыхын билиши керек. Себеби тарыхы жок эл болбойт.4

КИУнун проректору Ниязов Бакыт устаз: “Кийинки коом үлгү, ибарат алышы үчүн Курани Каримде дагы өткөн доордогулардын тарыхы көп эскерилет. Ошол сыңары байкебиз улуу “Үркүн” окуясынын 100 жылдыгына карата бул тасманы чагылдырды. Алла Таала ишине ийгилик берсин” – деп, Мухтар Атаналиевке жана фильмдин жаратуучуларына ийгилик каалады.

9Мухтар Атаналиев алгач КИУнун студенттерине кайрылып: “Сиздерди көрүп Кудайым буюрса келечекте адамдар бири-бирин алдабаган, жакшы бир заман курулат деп ишенебиз. Анткени сиздер Кыргызстандын келечегин жакшы нукка буруп, ыйман маселесинде иштей турган аалымдарсыздар” деп, сөзүн баштады. Андан соң тасманын жаралуусу жана ага эмне түрткү болгондугу тууралуу бөлүштү. “Эң негизгиси адамдар өз ара жана Жаратканы менен болгон мамилесин туура эмес койгондугунан мына ушундай “Үркүн” сыяктуу окуяларга туш болуп келет. “Үркүндө” 200 000 дей адам курман болгон деп айтылып келет, бирок туурасын бир Кудай билет. Эми биз ошол окуяны, кыргыз элинин башынан өткөн окуяны эскербей койсок, биз келечекти туура кое албайбыз” деди тасманын продюсери Атаналиев.

12         “Тасманы көргөн адамда, “эмне үчүн “Үркүндө” 200 000дин тегерегиндеги киши каза болгон болсо бул тасмада аз адам чагылдырылган” деген ой туулушу мүмкүн. Биз эгерде көпчүлүк менен иштегенибизде анда, тасмадагы каармандардын, айылдын элинин жүзү ачылбай калмак” дейт Тасманын директору Эрлан Жамгырчиев.

“Тарыхты билбесек, мен ойлойм аманатка кыянат кылып калган болуп калабыз. “Үркүн” окуясын Мухтар байке баштап берди. Кудай буюрса дагы изденип, улантуубуз керек.11 14

“Тарых – келечектин күзгүсү. Тарыхы болбой эл болбойт, тагдыры болбой жер болбойт. Эгер биз тарыхка кыянаттык кылып, тарыхты мылтык менен ата турган болсок. Тарых бизди келечекте замбирек менен атат. Ошондуктан тарыхыбызга наадандык, кыянаттык кылбашыбыз керек. Тарыхына кыянаттык, наадандык кылган эл, же болбосо тарыхын билбеген эл акыры манкурт болуп тынат да жер жүзүнөн жок болуп кетет деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Чынгыз Айтматов муну өзүнүн көп чыгармаларында чагылдырган. Ошондуктан тарыхыбызды тактап, керек болсо азыркы учурда тарыхый сериалдарды жаратуу зарыл” деди Усупов Улан агай.

Фильмге Сауд Араб мамлекетинен келген Абдулфаттах Шейх да күбө болду.

Куттуу үйдөн кур чыкпайт дегендей, КИУнун проректору Ниязов Бакыт устаз тасманын продюсери Мухтар Атаналиевке ыраазычылык баракча жана белектерди ыйгарды. Проректор тамашалап, “Эгерде дагы кино тартсаңыз “массовкага” же ажы, молдолордун ролун жаратканга биздин студенттер даяр” деп, жалпы катышуучулардын маанайын көтөрдү.

Даярдаган: Тынчтык Акматов (КИУ 5-курс)