Пайгамбарыбыздын төрөлүүсү

Мынакей, дүйнөгө ошол улуу зат келе жаткан эле! Дүйнөнүн түшүнүк, ой жүгүртүү жолун өзүенен бирге алып келген нур аркылуу өзгөртүүчү теңдешсиз инсан, Аллахтын соңку элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) келе жаткан эле. Жиндер жана инсандарга түбөлүк бакыт жолун көрсөтүүчү азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) келе жаткан эле…

Биздин замандын 571-жылы, 20-апрелде, «Пил окуясынан» 50-55 күндөн кийин, ай календары боюнча Рабиул-аввал айынын 12-түнү, жуманын биринчи күнү, таң агарып келе жатканда Меккеде жөнөкөй бир үйдө аалам мырзасы сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнөгө келди. Ушул учурдан тарта бүткүл аалам кайгы-капаларын унутуп, ченемсиз кубанычка бөлөндү. Каран түндөр заматта нурга бөлөнгөндөй болду. Бүткүл аалам бир ооздон: Ай-Күндөн ажар талашкан, Арбалды нурга жер-асман! — деп жар салып жаткан эле…

Апасынын сөзү боюнча

Жер жүзүндө башка эч бир энеге насип болбогон теңдешсиз сый урматка арзыган Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) апасы ал окуяны мындайча баяндайт: «Боюма бүткөнү алты ай болуп калганда, түшүмдө алдыман бир адам чыгып: «Оо, Амина, билесиңби, боюңда ааламдардын мырзасы бар. Төрөгөндөн кийин ысмын Мухаммед кой жана муну эч кимге айтпа!», — деди. Ошол убакыт да келди. Кайнатам Абдулмутталиб Каабага таваф кылууга кеткен эле. Үйдө болчумун. Бир убакта кулагыма укмуштуудай бир үн угулду. Көргөнүмдө улам денемди муздак тер басты. Бир аппак куш учуп жаныма келип, канаты менен аркамды сылады. Мен андан корккон жокмун. Карасам, бир ак кесе толо шербет турат. Кесени алып ичип бүтөрүм менен мени кандайдыр нур каптады. Ошону менен Мухаммед дүйнөгө келди».[1] Бактылуу эне Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) туулгандан кийинки болгон окуяны мындайча айтып берет: «Көзүм көргөнү Батышта бир байрак, Чыгышта бир байрак жана Каабада бир байрак. Төрөт аяктаган эле. Ымыркайга караганымда, ал саждада, колдорун көккө жайып тургандай, ошол убакта бир ак булут түшүп баланы каптагандай болду. Кандайдыр бир үн угулду: «Чыгыш-Батышты кыдырткыла, дайраларды кездиргиле. Жан-жаныбарлар Мухаммеддин аты менен, заты менен, сыпаты менен таанышсын!» Бир аздан кийин булуттар көздөн кайым болуп кетти.[2]

Шифа жана Фатима айымдын көргөндөрү

Ааламдардын мырзазы (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнөгө келгенде, бактылуу энесинин жанында Абдурахман бин Ауфдун энеси Шифа айым менен Усман бин Абул-Астын энеси Фатима айым дагы бар болчу. Төрөткө жардам берген Шифа айым мындай дейт: «Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) туулган убакта, мен да ошол жерде болчумун. Кулагыма: «Аллахтын ыраазычылыгы анын үстүнө болсун!» деген үн угулду. Күнбатыш менен күнчыгыш арасы нурга толуп, алыскы Рим улуктарынын кээ бир сарайларын көрдүм. Андан кийин Аллахтын Элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) кучагыма алып, эмизе баштадым. Өзүмдү адаттагыдан башкача сезип, денем титирей баштады жана көзүм караңгылап кетти. Баланын көздөн кайым болгонун гана сездим.

Бир үн: «Кайда кетти?», — деп сурады. «Чыгышка алып кетишти» деген жооп келди. Бул сөздөр эч эсимден чыккан жок. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн пайгамбарлыгын жарыялаган кезде, жетип келип, биринчи мусулмандар менен чогуу ыйман келтирдим».[3] Фатима айым ошол ыйык түндө, төрөт болгон үйдүн ичи нурга толгондугун жана көктөгү жылдыздардын үйдүн үстүнө түшө тургансып, өтө жакын келгендигин айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) дагы бир касиети — дүйнөгө сүннөткө отургузулган абалда жана киндигинин кесилип түшүшү болуп эсептелет. Далысынын ортосунда, так жүрөк тушунда пайгамбарлык мөөр белгиси бар эле. Ал мөөр кызыл түстүү, көлөмү кекиликтин жумурткасындай эле. Бул мөөр узак мезгилдерден бери адамзат күтүп жүргөн эң акыркы Пайгамбардын касиеттүү белгиси болучу. Сахабалардан Саиб бин Язид бала кезинде Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) далысынын ортосундагы пайгамбарлык мөөрүн өз көзү менен көргөнүн баяндайт.[4] Азирети Али да Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) дене түзүлүшү жөнүндү баяндап келип: «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кең далылуу эле, акыркы Пайгамбар болгонунун белгиси катары, далысынын ортосунда пайгамбарлык мөөрү бар эле» дейт. Абдулмутталибге жеткирилген сүйүнчү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) дүйнөгө келген учурунда чоң атасы Абдулмутталиб Каабага жакын жерде курайштын улуктары менен сүйлөшүп олтурган. Ага сүйүнчү кабар жеткизилгенде, Абдулмутталиб абдан сүйүнүп, бир заматта нурдуу небересинин жанына жетип келди. Кучактап, өөп, жыттады. Андан кийин уулу Абу Талибге тапшырып жатып: «Бул бала сага Аллах тарабынан берилген аманат. Бул баламдын атак-даңкы чексиз болот»,- деди. Абдулмутталиб бул кубанычтуу ишти жөн калтырбай, ааламдардын мырзасы төрөлүп жети күн өткөн соң, төөлөрдү, малдарды сойдуруп Мекке калкына үч күн сый тамак берди.

Балага ат коюлду: МУХАММЕД

Атайын сый тамактардан кийин балага кандай ат коюлсун деп чоң атасынан сурашат. Ал мындайча жооп берет: — Мухаммед.

— Эмне үчүн ата-бабаларыңын биринин атын койбостон, ушул ысымды койдуң? — деп сурашканда:

— Аллах жана адамдар аны даңазалашы үчүн — деп жооп берди. (Мухаммед – абдан даңкталган, даңазаланган, макталган деген мааниге келет).

Чынында, ааламдардын мырзасы болгон Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Алла Тааланын, адамдардын жана периштелердин теңдешсиз мактоо-даңазаларына арзыган дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз инсан. Анткени ал мындай даңазалоого , кадыр-баркка жана сый-урматка татыктуу эле. Бул мактоолор менен сүйүүгө ал теңдешсиз ыйманы, илими, ибадаты, ыкыласы, такыбаалыгы, жана эң көркөм адеп-ахлагы аркылуу ээ болгон. Ошондуктан анын сыйлуу, даңазалуу бийиктигине бул дүйнөдө эч ким жете алган эмес, жете да албайт.

[1] Касталани, Мавахибул-ладунния 1:21.

[2] Касталани, Мавахибул-ладунния 1:21.

[3] Касталани, Мавахибул-ладунния 1:22.

[4] Бухарий, Сахих, 1/48; Муслим, Сахих, 7/86.

Булак: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам)» китебинен алынды


Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *