Кыргызстан Ислам Университетинин уюштуруу тобу жана студенттик кеңеши тарабынан уюштурулган “Жан дүйнө азыгы” долбоорунун 8-декабрдагы семинары “Жаман адат жана андан арылуунун жолдору” аттуу темада Кыргызстан Ислам Университетинин жыйындар залында өткөрүлдү. Семинарды Кыргызстан Ислам Университетинин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев өтүп, улуу муундун өкүлдөрү жана жаштар катышты. Семинарда бүгүнкү күндөгү жаштардын арасындагы жаман адаттар, кемчиликтер, көйгөйлөрдүн кээ бирлери жана алардан арылуунун жолдору каралды.

  1. Чечкинсиздик.

Чечкинсиз болуу — коркуудан келип чыккан, өзүнө ишенбегендик. Өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүзгө ишенбегендиктен, өзүбүздү толук тааныбагандыктан чечкинсиздик келип чыгат. Өзүбүздү танууга убакыт келди.

Чечкинсиздиктен келип чыккан жаман адаттар:

  1. Ишти кийинкиге таштоо

Пайгабарыбыз Мухаммед ( С.А.В) хадисинде : «Бүгүнкү кыла турган ишти эртеңкиге таштаба» деген.

  1. Сунуштардан качуу. Жоопкерчиликтен качуу, турмушта өзүнө ыңгайлуу шартты тандап алуу.
  2. Максатсыздык.
  3. Көп сүйлөө (бош сөздөрдү көп сүйлөө)

Сүйлөсөң жакшылыкты сүйлө, болбосо унчукпа.

Көпчүлүк сахабалардын сөзү 500 сөздөн ашкан эмес.

Соодагерлер сооданы гана сүйлөбөстөн акыретти дагы сүйлөшсүн.

Пайгамбарыбыз Мухаммед ( С.А.В) хадисинде: » Сүйлөсөң пайдалууну сүйлө, болбосо унчукпа»

Аз жана саз сүйлөгөнгө өзүңөрдү көндүргүлө.

Эгер адам баласынын таң аткандан, кеч киргенге чейин сөздөрүн жаздырып алганда бир китепче болуп чыкмак.

Эми кыяматтагы китебиңерди элестетип көрүңүз.

Аллах ыраазы боло турган сөздөрдү сүйлөгөнгө умтулалы.

Кээ бир ийгиликсиздиктин башатында турган- тил.

Сүйлөгөндү үйрөнгөндөй эле, унчукпаганды да үйрөнгүлө.

Унчукпай уга билүү өнөрүн дагы үйрөнүү керек.

Аллах Таала менен көбүрөөк сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз.

  1. Жинденүү

Жинденүнү жеңүүнүн жолдору:

Пайгамбарыбыз Мухаммед ( С.А.В) :

» Жинденүү-кызыган чок сымал» деп айткан.

«Араңарда кимде-ким жинденсе, акырын барып даарат алсын»

Дуба кылуу

Пайгамбарыбыз Мухаммед ( С.А.В.) : » Эгер жинденген болсоңор, абалыңарды өзгөрткүлө»

Жылмаюу жолу менен жеңгиле.

Жинденген учурда унчукпа.

Күчтүү деген билеги күчтүү эмес, жинденген учурда өзүн кармана алган адам.

  1. Үй-бүлөлүк сырларды сактабагандык.

Үй-бүлөнүн сыры үйдө калыш керек.

Ар ким өзүнүн ролун аткарса, көйгөй болбойт.

Үй-бүлөнүн баалулуктарын үйрөнүү керек.

  1. Күмөн саноо

Куранда айтылган: » Кээ бир күмөн саноо- күнөө»

Күмөн санооңуздарды оңдоңуздар.

Жакшы күмөн саноого үйрөнөлү.

Жакшы күмөн саноо көкүрөктүн бекемдигине, сүйүүгө алып барат»

Пайгамбарыбыз Мухаммед ( С.А.В.): » Күмөн жаратуучу абалдан качкыла»

Жаман күмөн саноо- бул вирус, оору.

Жаман адаттардан арылуунун жолдору:

  1. Өзүбүздүн ички коркуу сезимибизди жоюшубуз керек.

Өзүбүздү таануу керек, өзүбүзгө болгон баалуулукту жогорулатуу керек.

Аракетти кылыңыз, кадам таштаңыз аткарасыз.

  1. Сырткы коомчулуктун колдоосуна таянуу. Кеңешүүнүн жолун издөө.

Ким кеңешүүнү туу туткан болсо, ал адам аманчылыкта болот.

  1. Тандоонун жолун Аллахка тапшыруу.

Көп тынчсызданба, тагдырыңа эмне жазса ошону көрөсүң( бир акын)

Башкалардын катасын жакшылык менен жеңе билели.

Мусулман адам- аары сымал болуу керек.

Ар бир күнөө иште, ыймансыздыкка алып баруучу жолдор бар.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *