«Кайрымдуу бол!» акциясы

Кыргызстан Ислам Университетинин студенттик кеңеши 9-декабрь күнү кайрымдуу бол акциясын өткөрдү. Акциянын максаты көчөдө кароосуз калган жардамга муктаж адамдарга ысык чай менен даам таттырып, Алланын ыраазычылыгын табуу жана адамдардагы кайрымдуулук сезимин ойготуу  болуп саналат. Студенттик кеңештин төрагасы Кадыров Гапардын айтымында иш чаранын себебинен айланадагы көп адамдар таасирленген. “Өзүбүз да, жардам көрсөтүлгөндөр да, айланадагы инсандарда көп таасир алды деп ойлойм. Себеби биз ысык чай берген учурда жардамга муктаж бир туугандарыбыз ыраазычылык билдирип, бата берип узатып жатты. Ал эми бул көрүнүшкө күбө болгон айланадагылар биз кеткен учурда аларга барып, жардам кылып жаткандарын көрдүк. Кыскасы абдан жакшы саамалык болду. Сөзүмдүн аягында бардык бир туугандарыбызды кайрымдуу болууга үндөп кетер элем.” – деп билдирди студенттик кеңештин төрагасы.

Добавить комментарий