«Өзүңөр шам чырактай күйүп жок болсоңор да, өзгөлөргө жарык нур чачкыла.»

12-декабрь күнү Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов 2-5 курстун студенттери менен жолугуп, кенен форматта пикир алышып, лекция өттү. Жолугушуунун алкагында ректор окуу жайдын билим берүү усулдары тууралуу студенттердин ой пикирлерин укту. Студенттер ой пикир, сунуштары менен бөлүштү. Ректор айтылган бардык сунуштарды эске алып, жакын арада ишке ашарын жана окуу программасына студенттердин билим денгээлин өстүрүү максатында жаны предметтер кирерин айтты. Андан ары студенттер менен болгон жолугушуу “жаштар” аттуу темада лекция менен уланды.

“Инсандын жашоосу, өмүрү — бир келген тепкич сыяктуу. Ал тепкичтерден көтөрүлүү ар башка болот. Кээде кайрат-күч менен, кээде алсырап, кээде бирдей калыпта. Наристе кезде кыймыл аракет бар болот. Бирок акыл-эс толук болбойт. Картайган кезде акыл-эс толук болот. Бирок күч-кубат, кыймыл-аракет азаят, жок болот. Ал эми жаштык кезде экөө тең бар болот. Өйдөдө айтылган  тепкичтердин эң абзели – жаштык кез. Демек, урматтуу студенттер! Силерде азыр күч, акыл-эс баары бар. Аллах берген бул ниматты, кайтып келгис жаштыгыңарды туура колдонгула!” – деп, ректор жаштарга көптөгөгөн акыл-нааатын айтты.  Андан ары сөзүн улай, ислам дини жаштык кезге өтө көңүл бурарын айтты: “Ар бир элдин келечеги, эң чоң күчү – бул жаштар. Ошол үчүн да Ислам динибиз жаштык кезге өтө көңүл бурат. Алла Таала Куранда Рум сүрөсүнүн 54-аятында: “Алла – силерди алсыз суудан жаратып, анан алсыздыктан кийин күч берет. Анан күчтөн кийин кайра алсыратып, картайтат [Адам наристе кезинде абдан алсыз болуп, эр жеткенде жалтанбаган күчкө толуп, картайган кезде кайра алсырайт.]. Ал Өзү каалгандай жаратат. Анткени, Ал – Кабардар, Кудуреттүү!” – дейт. Пайгамбарыбыз (алейхи салам): Карылык келгенче жаштыктын баркын бил!” – деген. Кыяматта адам баласынын кадамы 4 суроого жооп бермейинче алдыга жылбайт. Өмүрүңдү, жаштыгыңды кандай өткөрдүң? Мал-дүйнөңдү кандай жол менен таптың жана аны кайда жумшадың? Алган илимиңе амал кылдыңбы? Бул жерде көңүл буруучу нерсе өмүрдөн өзүнчө жаштыктан өзүнчө суралат. Пайгамбарыбыз (алейхи салам) ислам динин элге жайылтып баштаганда айланасында диндин өнүгүүсүнө салым кошкон жаш жигиттер болгон. Ошол жаш сахабалардын кайраты менен динибиз кенен тараган. Урматтуу Кыргызстан Ислам Университетинин студенттери, жаштар! Бир келген жаштык кезиңерди текке кетирбегиле. Келечекте мамлекетибиздин гүлдөп, өнүгүүсүнө болгон күчүңөрдү жумшап, эч качан жалкоо болбогула! Өзүңөр шам чырактай күйүп жок болсоңор да, өзгөлөргө жарык нур чачкыла. Шам чырак өзү күйүп, эрип жок болуп кетсе да башкаларга пайдасы тиет. Силер да башкалардын туура жолго түшүүсүнө себеп болгула. Жараткан Алла Таала баарыңарды угуучу пенделерден кылсын! Уккан аят, хадистерге амал кылууну насип этсин!” – деп, бата, тилектер менен жолугушууну жыйынтыктады.

Добавить комментарий