Карыялар үйүнө ыраазычылык билдирилди

Кыргызстан Ислам Университети тарабынан 25 – ноябрда ЖОЖдордун теология факультеттери арасында өткөрүлгөн “Адам көркү адеп” аттуу КВН конкурсунда КИУнун КВН командасы 2-орунду ээлген болчу. Бул жеңишке команданын жигиттеринин жана көптөгөн инсандардын салымы өтө зор. Алардын катарында видеороликтин тартылуусуна уруксат берип, салымын кошкон Бишкектеги улгайган жана ДМЧ жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекеменин директору Абдылдаева Эркингуль Курмананалиевнага жана ролике тартылып берген ата-апабызга терең ыраазычылык билдиребиз! Алла Таала эки дүйнөдө жакшылыгын ыроолоп, ыраазы болсун. 7-декабрь күнү студенттик кеңештин төрагасы Кадыров Гапар жана студ. Кеңештин каржы министри Турсункулов Руслан көмөк көрсөткөн инсандарды ыраазычылк кат жана белектер менен сыйлап келишти.

Добавить комментарий