КИУнун РЕКТОРУ АБДИШҮКҮР НАРМАТОВ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 11-декабрь күнү Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов 1-курстун студенттери менен жолугушуп, лекция өттү. Жолугушуу учурунда илим негизинен алты нерседен тураарын эскерип, алардын ар бирине кенен токтолду. Биз алардан кыскача бергенге аракет кылдык.

Күндөрдүн биринде Иса (алейхи салам) жолдо баратып жаш жигитти жолуктуруп калат. Ал жигит кой кайтарып жүргөн болот. Иса пайгамбар ал жигитке кайрылып: “Өмүрүңдү койдун артында жүрүп өткөргөнчө илим алсаң жакшы болмок” — дейт. Анда ал жигит пайгамбарга: “Оо Алланын пайгамбары! Мен илимден алты нерсени алганмын” — дейт.

Биничиси: “Адал бар учурда эч качан арам жебеймин”. Азыр силер менен чоң базарларга, дүкөндөргө барсак сан жеткис, биз санай албаган, Аллах Таала бизге берген таза, адал нерселер толтура. Алардын арасынан эсептелүү гана нерселер арам: алкагол аралашкан, адамды акылдан ажырата турган нерселер арам. Ошондой эле канчалык кайнатса да микроптору өлбөгөн чочконун эти. Ошол эле учурда койдун, уйдун эти адал болгону менен, эгер мууздалбастан, (мууздалган кезде микроптору агып чыгып кетет) мууздалбастан микроптору организмде калган болсо алардын да эти арам болот. Алла Таала инсандын акылына, денесине зыян болгон эсептелүү гана нерсени арам кылган. Бүгүн тилеке каршы адам баласы дүкөнгө, базарга барган кезде алдында миңдеген адал тамактар турса акчасын арамага узатат. Иса пайгамбарга жолуккан жигит, “адал барда арамды эч качан жебеймин” деди. Демек, биринчи илим — адалды гана колдонуу. Бирок, урматуу студенттер! Адал дегенде бир гана арак, чочконун этин, мууздалбаган малдын этин жебөөнү гана түшүнбөш керек. Кээде бирөөнүн акысын жегендик, таразадан алдагандык да арам болуп саналат.

Экинчиси: “Чындык турган кезде эч качан калп айтпаймын”. Пайгамбарыбыз (сав): “Мусулман коркок болуусу мүмкүн, сараң болуусу мүмкүн, бирок мусулман калп айтпайт” – деген. Эки жүздүүнүн белгиси үчөө. Анын биринчиси: эгерде сүйлөсө жалган сүйлөйт, экинчиси: убада берсе убадасын аткарбайт, үчүнчүсү: аманатка кыянат кылат.

Экинчи илим — чындык бар кезде калп айтпоо экен.

Үчүнчүсү: “Аллах Тааланын казынасы толуп турат экен, эч качан бир пенденин мал-мүлкүнө көз артпаймын”. Аллах Таала сени жараттыбы демек, ырыскың бар. Ырыскың болбогондо анда бул дүйнөгө жаралбайт элең. Аллах Таала ырыскыбыз менен жараттыбы, алакан жайып Алладан жалбарып сурайлы, аракет кылалы. Аллах Таала ар бир инсанды жаратканда эки кол, эки бут, бир ооз берген иштеп, жесин деп. Ырыскыңа өзүң аракет кыласың. Оолуялардын бири болгон Хасан ал Басрийге (рахматуллахи алейхи) күндөрдүн биринде бир жигит: “Мен кудай буюрса соодамды токтотуп, мечитке кирем да калган өмүрүмдү Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрөмүн” — дейт. Ага чейин соодасы менен жоро-жолдош, туугандарына жардам берип жүргөн болот. Бирок калган өмүрүн ибадат менен өткөрсөм деген чечимге келет. Хасан аль Басри менен кеңешейин деп, жолдо келе жатып, жолдо канаты жараланган, көзү көр болуп калган бир канаттууну көрүп калат да, “мунун ырыскысы кайдан келет экен?” — деп таң калат. Ошол учурда башка бир канаттуу учуп келет да оозундагы ырыскы менен жанагы көзү көрбөгөн канаттууну тамактандырат. Муну көргөндөн кийин жанагы дагы ниеттинде бекем болот. “Эгер көзү көрбөгөн канаттууга ырыскысы келип жатса менин деле ырыскымды Аллах Таала берет экен, мен мечитке барып ибадатымды кылып отура берсем болот экен да” — деген ой келет.

Хасан аль Басриге барып: “Менин максатым калган өмүрүмдү ибадат менен өткөрүү. Жолдо келе жатып канаттулардын окуясына жолукканымда менин ниетим дагы бекемделди дейт. Анда Хасан аль Басри: “Эки канаты соо, көзү көргөн, учуп жүрүп башкаларга жардам берген канаттуудай болуунун ордуна канаты жараланган, көзү көрбөгөн канаттуу болууну тандадыңбы?” – дейт. Биз аракет кылсак ырыскыбызды Аллах Таала берет. Биздин ийгиликке жетпегенибиздин башкы себеби — биз жалкообуз. Аллах Тааладан сура, аракет кыл! Аракетиңе жараша берекетин берет. Бир нерсеге муктаж болсоң алаканыңды жайып, Аллага жалбар! Өзүңө окшогон чийки эттен жаралган пендеге кор болбо!

Төртүнчүсү: “Өзүмдүн айыбым бар туруп, эч качан бирөөнүн айыбы, кемчилиги менен алек болбоймун” – деди. Тилеке каршы бүгүн эркектер аялдардан да өтүп кеткен. Эки эркектин башы бириксе эле бирөөнүн байлыгы, бирөөнүн кемчилигин гыйбат кылып, бирөөнүн этин жеш менен алек. Урматтуу студенттер! Силерда өзүңөрдүн айыбыңарды таразалап, бирөөнүн айыбы менен алек болбогула!

Бешинчиси: “Мен билемин, шайтан өлгөн эмес. Демек ал менин душманым” – дейт. Шайтанды жеңүүгө аракет кыламын. Мен группалашымды, классташымды, бирге иштегенимди, тууганымды же кошунамды эмес, шайтанды душман тутуп, аны жеңүүгө аракет кыдамын дегени.

Алтынчысы: “Менин буттарым бейиштин босогосун аттап өтө элек, андай болгон болсо мен бейишке алып бара турган, бейишке алып кире турган амалдарды аткарамын”. Оо Пайгамбар! Менин алган ушул алты илимим бар – дейт.

Иса (алейхи салам) ага карап туруп: “Сен алган илим, Адам атадан бери эң акыркы инсаниятка чейин келе турган эң негизги илимдер экен. Ушул илимдерге амал кыл! Алла Таала сага бейишин насип кылсын!” – дейт. Илимдин негизи ушул алты несреге токтолот. Эгерде окуган нерселерге амал кылбасаңар анда анын турмушта мөмөсүн ала албай каласыңар. Жараткан Алла Таала баарыңарды угуучу пенделерден кылсын! Уккан аят, хадистерге амал кылууну насип этсин! Ушул окуядагы жигиттин алты илимин кулагыңарга түйүп, ага амал кылып, башкаларга да жеткирүүнү насип кылсын!

Жолугушуунун аягында Кыргызстан Ислам Университетинин иректору Абдишүкүр Нарматов студенттер менен кенен баарлашып, пикир алышты. Студенттер университеттин иш аракеттери жана билим берүү жана окуу программлары боюнча өз сунуштарын айтышты.

Добавить комментарий