Ислам илимдер кафедрасы студенттер арасында сынак жарыялады

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргызстан Ислам Университетинин Ислам илимдер кафедрасы Мусталах хадис сабагы боюнча студенттер арасында “Аль манзуумату аль байкууния” китебинен кошумча сабактын негизинде конкурс өткөрөт. Сабакты Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими Шермухаммед Акматжан уулу өтөт жана аталган китеп боюнча ижаза берет. Жарышка Кыргызстан Ислам Университетинин студент балдары гана катыша алат. 27-ноябрь күнү алгачкы сабак башталып, учурда жумасына үч жолу өткөрүлүүдө. Жарыштын максаты студенттерди Хадис илимине кызыктыруу жана хадистерди ажырата билүү эрежесин үйрөтүү болуп саналат. Конкурстун шарты боюнча катышуучу студенттер сынакта “Байкуния” китебин жатка айтышат, маанилерин айтып берет жана хадистин түрлөрүн аныктап беришет. Жарыштын жыйынтыгы 25-декабрь күнү чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат. Жеңүүчүлөргө: 1-орунга ноутбук,                    2-орунга планшет, 3-орунга 3000 сом жана 4-10-орунга чейин кызыктыруучу белектер берилет.

Добавить комментарий