КИУ нун РЕКТОРУ АБДИШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ МОСКВА ШААРЫНДАГЫ БОРБОРДУК МЕЧИТТЕ ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов Москва шаарына болгон иш сапары учурунда борбордук мечитте мекендештерибиз менен жолугушуп, лекция өттү.

Жалпы аянты 18 900 квадрат метрди түзгөн борбордук мечиттин бардык кабаттары мекендештерибизге толуп, лекцияга 10 000 ге жакын киши катышты. Ректорубуз ыйман, адеп-ахлак, ата-энеге жакшылык кылуу, үй-бүлөнү сактоонун маанилүүлүгү тууралуу жана башка көптөгөн темаларда мекендештерибизге пайдалуу насааттарын айтты.

Жан дүйнөлөргө пайда берген маанилүү жолугушууну уюштуруп берген Россия Федерациясынын муфтиятына, Москвадагы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бакыт Тополоновго жана жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз! Алла Таала эки дүйнөдө жагышылыгын ыроолоп, ыраазы болсун!

Добавить комментарий