КИУ нун волейбол курама командасы менен Өзгөн районундагы “Абдыраим кары” медресеинин волейбол командасы арасында турнир өткөрүлдү

Кыргызстан Ислам Университетинин студенттеринен түзүлгөн волейбол боюнча курама командасы менен Ош областына караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы “Абдыраим кары” медресесинин студенттери арасында волейбол боюнча турнир өткөрүлдү.Диний мекемелер арасында жыл сайын өткөрүлүп келген Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдештин 29-октябрда өткөрүлгөн турниринде КИУ нун волейбол боюнча курама командасы түндүк региону боюнча 1-орунда алган болчу. Ал эми түштүк региону боюнча Ош областына караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы “Абдыраим кары” медресесинин студенттери 1-орунду алган. Жыйынтыгында 18-ноябрь күнү Бишкек шаарында эки күчтүү команданын арасында беттеш өткөрүлүп, 3-2 эсептик сандар менен “Абдыраим кары” медресеси жеңүүчү деп табылды. Спорттук мелдештин себеби менен эки окуу жай арасында ынтымак, биримдик өз ара карым катнаш мамилелери бекемделип, мындан ары спорт жаатында эле эмес илим-билим жаатында да тыгыз байланышта иш чараларды өткөрүү пландары каралды. Мелдешти уюштуруп берген Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына, азирети муфтийибиз Максатбек ажы Токтомушевге жана “Авеп” коомдук фондуна терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий