КИУ нун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов иш сапары менен Москва шаарында

Россия Федерациясынын Мусулмандар башкармалыгы Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Устаз Абдишүкүр ажы Нарматовду илимий-иш сапарга чакырышып, жылуу кабыл алып тосуп алышты. Эки өлкө мусулмандарынын биримдиги, ынтымагы жана тынчтыгы тууралуу көптөгөн пикир-сунуштар айтылып, мындан ары дагы кызматташып, биргелешип иш алып бара тургандары талкууланды. РФнын Муфтияты Москвадагы мекендештерибизди диний иш-чараларда активдуу катышып, жардамдашып, көмөк көрсөтүп келе жаткандарын баса белгилеп, кыргыз мекендештерибизге терең ыраазычылыктарын билдирди. Ошондой эле эки тарап келечектеги иштерине дагы да ийгиликтерди каалап, белек-бекчендерди тартуулашты. Андан соң КИУ нун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жума намазга катышып, куттуктоо сөзүн айтып, жекшемби күнү өтө турган сабакта учурдагы көйгөйлүү темалар тууралуу сабак өтөөрүн белгилеп, мусулман бир туугандарды сабака чакырып өттү. Сабак, жекшемби күнү түшкү саат 12:00 дөн, 16:00 гө чейин Москва шаарындагы борбордук мечитте болот.

Добавить комментарий