«Brain Ring» интеллектуалдык жарышында КИУнун «Захра» командасы 3-орунга ээ болду.

Бишкек шаарындагы 23 Жогорку окуу жайлардын студенттери арасында 11-ноябрь күнү ЭИТУ университетинде  “Кадамжай Жаштары” коомдук фонду уюштурган “Брейн Ринг” интеллектуалдык турнири болуп өттү. Аталган билим таймашына Кыргызстан Ислам Университетинин кыздар тобунан “Захра” командасы катышып, з-орунду ээледи. Кыздарыбызга диплом жана 6 айга Англис тилин үйрөнүү үчүн 25% жеңилдик Сертификаты тапшырылды.

«Brain Ring» интеллектуалдык оюн эки системанын негизинде өттү.
1) Группалык категорияда
2) «Brain Ring» форматында. Оюн абдан кызыктуу болгондуктан командалар арасында ынтымак сакталып, калыстар тобуна да чечим чыгаруу жеңил болду. Жыйынтыгында жеңген командалар аныкталып, жеңүүчүлөргө сыйлуу белектер тапшырылды.

I Орун Чыгыш Университетинин студенттери — 
5000 сом, Диплом жана 6 айга Англис тилин үйрөнүү курсуна 100% бекер Сертификат тапшырылды.

II Орун «Дилгир» командасы —
3000 сом, Диплом жана 6 айга Англис тилин үйрөнүү үчүн 50% жеңилдик Сертификаты тапшырылды.

III Орун «Захра» командасы
2000 сом, Диплом жана 6 айга Англис тилин үйрөнүү үчүн 25% жеңилдик Сертификаты тапшырылды.

Жаштардын интеллектуалдуулук деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы үчүн “Кадамжай Жаштары” коомдук фондуна терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий