Окуу жайыбыз Республикалык «Жылдын мыкты мекемеси» сынагынын жеңүүчүсү аталды.

 

Бүгүнкү берекелүү жума күнү биз үчүн абдан кубанычтуу көз ирмемдер менен коштолду. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргызстанда алгачкы жолу басылып чыккан “Кыргыз Туусу” гезити жыл мыктыларын аныктап, мыкты деп тандалган инсандарга сыйлык тапшырды. “Кыргыз Туусу” басылмасы бир канча ай мурда “Жылдын мыкты инсандарын тандайбыз” аттуу макала жарыялаган. Жарыянын негизинде бир ай бою “Ыйман, адеп жана маданият” жылына өзгөчө салым кошкон инсандарды  ар кыл багыттагы номинация боюнча смс жана  телефон аркылуу  добуш берүү жүргөн. Мыкты деп табылган инсандар министрликтердин, агенттиктердин, башка республикалык, аймактык, райондук башкаруу органдарынын сунуштары боюнча тандалды. Башкы редактордун айтуусунда тандоодон өткөндөр өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясында белгиленген план-тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууга жетише алган. Кыргызстан Ислам Университетине “Бренд” деген өзгөчө аталышта “Жылдын мыкты мекемеси”, ал эми КИУ нун тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Марс Ибраевке Ислам дининин баалуулуктарын жана шарият өкүмдөрүн илимий негизде үйрөтүүгө жана жарандар арасында ыйман, адеп маселесин жайылтууга кошкон жигердүү эмгектери үчүн “Жылдын мыкты жетекчиси” наамы ыйгарылды. Жеңүүчүлөр атайын дипломдор менен сыйланышты.

Бүгүнкү маарекеде сыйлык алган кесиптеш, өнөктөштөрүбүз И. Арабаев атындагы КМУ нун теология колледжин, М. Кашгари атындагы Чыгыш университетин, “Адеп башаты” коомдук фондун жана Кыргызстан Ислам Университетинин жалпы мугалимдер жамаатын өзгөчө Марс Каиповичти алган сыйлыгы менен куттуктайбыз! Келечекте албан ийгиликтерди жаратууңуздарга тилектешпиз!

Добавить комментарий