Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Кыргызстан Ислам Университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов жана окумуштуулар кеңешинин жалпы мүчөлөрү катышты. Отурумда окумуштуулар кеңешинин, окуу усулудук бирикмесинин, кураторлордун, студенттик кеңештин, теология жана гуманитардык сабактар кафедрасынын жоболору, окуу пландары каралды. Ошондой эле кеңешмеде Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдери жазган макалалар жарыялана турган илимий журнал чыгаруу маселеси жана окуу жайдын бир топ финансылык маселелери каралды.

Добавить комментарий