«Ислам — кече, бүгүн жана эртең» аттуу тегерек стол

Кыргызстан Ислам Университетинде “Ислам – кече, бүгүн жана эртең” аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Кыргызстан Ислам Университетинин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Марс Ибраев, КИУ нун ага окутуучусу Автандил Жусупбеков, коомдук бирикмелердин жетекчилери, ЖОЖ дордун студенттик кеңешинин төрагалары жана коомдук активисттер катышты. Проректор Марс Ибраев тегерек столду ачып берүү менен бирге Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун саламын жолдоп, жаштарга ийгилик каалады. “Тарыхка көз чаптырсак мусулмандар Курандан табигый илимдерди да диний илимдерди да өздөштүрүп, бирдей өнүктүргөндө гана Ислам дини өркүндөп, өскөн. Мына ошондуктан жаштар бир тараптуу эмес диний жана светтик илимдерди айкалыштыра ала кетүүсү зарыл.” – деп билдирди КИУ нун проректору. Студенттер даярдап келген докладдарын окуп, теманын алкагында суроо-жооп жана кызуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында катышуучулулар Ислам тууралуу көп маалымат алгандыгын жана ушундай жыйындар көп өткөрүлсө жаштар дин тууралуу туура маалымат аларын билдиришти.

Добавить комментарий