Студенттер тарабынан жалгыз бой энеге колдоо көрсөтүлдү

Кыргызстан Ислам Университетинде октябрь айы “Кайрымдуулук айы” деп жарыяланып, 13-октябрь күнү “Кайрымдуулук жарманкеси” өткөрүлгөн. Аталган жарманкеде топтолгон каражаттан КИУ нун муктаж студенттерине акчалай жана “Ак-Жар” конушунда беш баласы менен жашаган Акмөөр Юсуповага азык-түлүк менен жардам көрсөтүлдү. КИУ нун кыздар тобунун студенттик кеңешинин төрайымы Ажбек кызы Гүлайым азык-түлүктөрдү жалгыз бой энеге тапшырып, ал абалын сурап келди. Жакын арада «Элим, барсыңбы?!” фонду менен биргеликте дагы бир муктаж үй бүлө аныкталып, жардам көрсөтүлмөкчү.

Эске салсак «Элим, барсыңбы?!” фонду тарабынан жардамга муктаж үй бүлөлөргө көмүр таратуу максатында “Жылуулук тартуулаңыз” аттуу акциясы башталып, ишке ашыруу максатында мына ушундай аракеттер жасалууда.

“Ак-Жар” конушунда Акмөөр Юсупова улгайган апасы жана беш баласы менен бир жарым жылдан бери жашайт.

Буга чейин бул үй бүлө Баткенде жашап, Акмөөрдүн күйөөсү мектепте музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Акмөөр өзү балдары менен үйдө олтурган. Мугалимдин айлык акысы аялы жана беш баласын бакканга жетпей, шаарга келишкен. Бишкекке келгенде Акмөөрдүн күйөөсү курска окуп, чач тарач болуп иштеп баштаган. Бешинчи баласы УЗИден кыз деп табылган кезде күйөөсү ачууланып кетип калган. Бирок УЗИ туура эмес белгилеп, жарык дүйнөгө уул бала төрөлөт. Ага карабай күйөөсү бала аныкы эмес экендигин айтып, кайра келген эмес. Азыркы учурда байкуш эжекебиз апасынын пенсиясы менен күн көрүп келет. Балдарга эч кандай пособие берилбейт.

“Кышта биздин үй абдан суук болот. Кайрымдуу адамдар тарабынан көмүрдөн жардам болсо жакшы болмок. Ижара акысын убагында берүү да биз үчүн кыйынга турат. Апамдын пенсиясы өтө аз. Азык түлүккө да жеткирүү керек”, — дейт Акмөөр Юсупова.

Улуу кызы Айгерим 3-класста, экинчиси Аруужан 1-класста, үчүнчүсү Айжан беш жашта, төртүнчүсү Ахмаржан үч жашта, ал эми уулу Сагынбек 1 жашта.

“Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду 3 жылдан бери кышында өтө оор абалдагы үй-бүлөлөргө арнап “Жылуулук тартуулаңыз” аттуу акциясын уюштуруп, ушул күнгө чейин 300дөн ашык үй-бүлөнү көмүр менен камсыз кылганга себепчи болду. Мекендештер, өлкөбүздүн келечегин ойлоп, сууктан жапа чеккен замандаштарыбызга чогуу кам көрөлү. Кайрымдуулукка салым кошууну каалагандарга:

1) Банк эсеби: 1180000017483549

2) Топтоочу номурга бирдик жүктөсөнүз болот: 0772 00 20 15

3) ЭлСОМ. Коду: 02151

4) Мобильник. Коду: 0 (нөл)

5) QUICKPAY QIWI UMAI өз номуруңузду терип жардам көрсөтсөңүз болот

Добавить комментарий