Россия Ислам Университети (РИУ) менен Кыргызстан Ислам Университетинин (КИУ) ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюулду.

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев 18-20-октябрь күндөрү Башкортостан Республикасынын борбору Уфа шаарында өткөн «XXI кылымдагы диний билим берүүнүн үлгүлөрү жана Ислам баалуулуктары » аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Конференцияга Кыргызстан, Өзбекистан, Туркменистан, Таджикистан, Египет, Иордания, Марокко, Тунис жана Түркиядан дин аалымдары, маданият изилдөөчүлөр, философ, социолог, политологдор жана тарыхчылар чакырылган. Ал эми Кыргызстандан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибарев, Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыковдон турган делегация катышты.

Илимий конференция Ислам тарыхын жана маданиятын ар тараптуу изилдөө боюнча билимдүү адистерди даярдоо федералдык долбоорун ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. Форум алкагында  Ислам тарыхы жана маданияты, руханий баалуулуктарды жандандыруу, билим берүүнү жакшыртуу жана экстремизмдин алдын алуу сыяктуу  актуалдуу маселелер каралды.

 

Конференциянын жүрүшүндө ректор Марс Ибраев “Экстремизм жана терроризм идеологияларынын таралуу себеби Ислам билиминин жетишсиздигинде” аттуу темада доклад жасады. Докладдын негизинде ректор жаштар арасындагы экстремизмдин келип чыгуу себептери, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү билим берүү системасынын, Кыргыз Республикасынын жана Кыргызстан Ислам Университетинин орду жана ошондой эле бир нече актуалдуу темаларга токтолду.

Илимий конференциянын алкагында Россия Ислам Университети (РИУ) менен Кыргызстан Ислам Университетинин (КИУ) ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюулду.

 

2014-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Россиянын борбордук мусулмандар диний башкармалыгынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча түзүлгөн келишиминин негизинде Ислам билимин жайылтуу, ислам баалуулуктарын ардактоо жана ага мусулмандарды тартуу, азыркы замандагы адеп-ахлактык жана диний кризистин өсүүсүнө бөгөт коюу жана туура эмес диний агымдардын пайда болуусун алдын алуу максатында Россия Ислам Университетинин (РИУ) ректору Сулайманов Артур Русланович жана Кыргызстан Ислам Университетинин (КИУ) ректору Ибраев Марс Каипович эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Келишимдин негизинде эки тарап Россия жана Кыргызстанда эки өлкөнүн мыйзам чегинде жана эл аралык нормаларды сактоо менен бирге сапаттуу диний билим берүүдө бардык күч аракетин бирдей жумшайт. Тажырыйба алмашууда маалыматтык жактан өз ара бири бирин колдойт жана келишим боюнча магистратура жана докторантура программалары боюнча илимий тажырыйба алмашууларды жүргүзөт. Келишим кол коюулган учурдан баштап 5 жылга созулат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда эки тараптын келишимден баш тартуусу болбогон учурда келишимдин мөөнөтү кезектеги 5 жылга узартылат.

Ал эми конференциянын акырында  резолюция кабыл алынып, материалдардын жыйынтыктары катышуучуларга таратылып берилди.

Кыргызстандандан барган делегация Уфа шаарына болгон сапарында Россия Ислам Университетин зыярат кылып, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс ажы Ибраев жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов РИУ нун ректору Артур Сулайманов менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында кол коюулган келишим тууралуу талкуу болуп, келишимди бекемдеп, дагы да кеңейтүү тууралуу жаңы пландар талкууланды. Жыйынтыгында “Салттуу исламда акыйдадагы (ишенимдеги) актуалдуу суроолор” деп аталган квалификацияны жогорулатуу программасына кол коюулду.

 

Келишим боюнча “РИУ” мугалимдери Кыргызстанда ал эми “КИУ» мугалимдери Россияда “Салттуу исламда акыйдадагы (ишенимдеги) актуалдуу суроолор” деп аталган квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча илимий кызматтарды көрсөтөт. Ошондой эле квалификацияны жогорулатуу программасынын стаж өтүү формасы боюнча 25 диний кызматкер жана диний мекемелердин мугалимдерине “РИУ” нун мугалимдери лекция өтөт. Квалификацияны жогорулатуу программасынын нормативдик мөөнөтү 72 саатты түзүп, окуу планы боюнча 10 күндү түзөт.

Диний кызматкерлер толук курсту өткөндөн кийин “РИУ” жана “КИУ» алардан бирдиктүү зачет алат. Ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөргө квалификацияны жогорулаткандыгы тууралуу документ жана “РИУ” менен “КИУ» нун бирдиктүү сертификаты берилет.

Уфа шаарына болгон иш-сапар Россиянын борбордук мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, жогорку муфтий, шейхуль ислам Талгат Тажуддиндин салтанаттуу сый кечеси менен жыйынтыкталды.

Сентябрь айында болуп өткөн Татарстандагы Ислам Болгар академиясынын жана Москвадагы Ислам маданият борборунун ачылуу салтанатына жана октябрь айында Уфа шаарында өткөн жогоруда аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын дин өкүлдөрү атайын чакырылып, катышуусу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын карым-катнаш алакаларынын жакшы нукта өнүгүүсүнүн көрсөткүчү боло алат.

Добавить комментарий