«Китеп кудугу» долбоору старт алды

Бүгүн 20-октябрь жума күнү борбор калаабыз Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларында алардын катарында Кыргызстан Ислам Университетинде «Китеп кудугу» долбоорунун лентасы кесилип, старт алды.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Мамлекеттик китеп палатасы” жана “Сабат” кыргыз китеп борбору биргеликте “Китеп кудугу” долбоорун уюштуруп, ага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети, Бишкек Гуманитардык Университети, Кыргыз Түрк Манас Университети, Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университети, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университети жана Кыргызстан Ислам Университети катышууда. Долбоордун тартиби боюнча ар бир катышкан университетке 1000 даана китеп берилет жана ал китептер кудук формасында тизилип сатыла баштайт. Башка окуу жайлардан озуп, активдүү катышуу менен бирге “Китеп кудугундагы” китептерди биринчи сатып түгөткөн окуу жай Баш Байге ээси деп табылат. Калган окуу жайларга он күн мөөнөт берилип, убакыт бүткөндө калыстар тобу тарабынан I, II, III орундар аныкталат. Кошумча катары байкоочу кеңеш түзүлүп, күнүмдүк жана апталык жетишкендиктерди сынакка катышып жаткандарга жана уюштуруучуларга маалымат берип турушат.

Баш байге 30 000 сомдук сертификат;

1-орун 20 000 сомдук сертификат;

2-орун 10 000 сомдук сертификат;

3-орун 5 000 сомдук сертификат;

Байге тапшыруу аземи баш байгени жеңип алган окуу жайда өткөрүлөт. Сертификат ээлери бир ай ичинде “Сабат” кыргыз китеп борборунан ошол суммага каалаган китептерин тандап алышат.

Калыстар тобун: Филология илимдеринин доктору, Академик Абдылдажан Акматалиев, Акын Кыялбек Урманбетов, Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов түзөт.

Долбоордун максаты:

  • Кыргыз китептерин элге жайылтуу менен кыргыз тилинин жаштар арасында баркын көтөрүп, урматтоого, сүйүүгө үндөө.
  • ЖОЖдор аралык ынтымакты чындап, студенттерди маданияттуулукка жана китеп окууга чакыруу;
  • Долбоор алкагында сатылчу китептерди атайын -50% арзандатылган баада, студенттерди китеп окууга жана сатып алууга шыктандыруу. Муну менен китеп окуу, сатуу жана сатып алуу маданиятын өнүктүрүү.

Долбоордун алкагында «Тарыхтын таасын сөздөрү», «Кыргыз эл жаңылмачтары», «Кыргыз эл табышмактары», «Аталар айткан алп сөздөр», «Жашоонун өзөгүн өзгөрткөн 100 окуя»  жана «Акыл кенчи» деген китептер сатылмакчы.

Добавить комментарий