Кыргызстан Ислам Университети жыл жыйынтыгын чыгарды.

Кыргызстан Ислам Университетинин 2016-2017-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи 24-май күнү “Сейтек” маданий борборунда болуп өттү. Кечени айтылуу акын Идирис Айтбаев алып барды. Алгач Куран окулуп дуа кылынгандан кийин Кыргызстан Ислам Университетинде бир жыл ичинде аткарылган иш чаралар  тууралуу видео отчет көрсөтүлдү. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөргө өтө чоң  милдет жүктөлгөнүн эскертүү менен биргеликте ийгилик каалады.

Ислам маданиятын жана динибиздин жайылуусуна кошкон зор салымы үчүн ошондой эле окуу жайыбызда аткарылган иш чараларга кошкон зор салымы үчүн “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында Кыргызстан Ислам Университетинин атынан Ыраазычылык баракчасы менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын азирети муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев сыйланды.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы жана директору Устаз Сайид Баюми, “Адеп башаты” фонду жана директору Нурлан Субанов ошондой эле “Санабил” фонду жана  Устаз Мухаммад Абдулкарим окуу жайыбыздын алдына койгон максаттарына жетүүдө кошкон талыкпас эмгеги үчүн  “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында “Жылдын мыкты өнөктөшү” сыйлыгы менен сыйланышты.

2016-2017-жылы талыкпай эмгектенип, окуу жайыбыздын өнүп өсүүсүнө кошкон салымы үчүн “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында “Жылдын мыкты кафедра башчысы” сыйлыгы менен Керимбеков Алтынбек устаз , Узеналиев Сулумбек устаздар ал эми “Жылдын мыкты кызматкери“ сыйлыгы менен  Гульмуродов Саипназар устаз сыйланды.

Окуу жайыбыздын алдыга койгон максаттарына жетүүдө кошкон салымы үчүн Зарылбеков Тилек, Акматов Тынчтык, Бегбутаев Абдумажид жана Жолдошбек кызы Майрам “Мактоо баракчалары” менен сыйланды.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылында  окуу жайыбызга кошкон чоң салымы үчүн Шергазиев Жоробай устаз, Масылбаев Нурлан устаз, Ниязов Бакытбек устаз, Матраимов Абдуваси устаз, Акимбай уулу Равшан устаздар жана Бакирова Гүлшайыр устаза “Ардак баракчалары” менен сыйланды.

Ошондой эле Атабаев Зияудин, Ташматов Шермухаммед, Сапанов Алмаз, Сеитбеков Алайчы, Кадыров Шамсуддин, Ормушев Асан, Утуров Кытайбек, Абдырахманов Кимсанбай ажы жана Өтөнбай уулу Дүйшөнбек ажы “Ыраазычылык барактары” менен сыйланды.

Устаз Сайид Баюми “Санабил” фондунун жетекчиси Мухаммад Абдулкарим устаздын атынан окуу жайыбызга компьютер белекке берди.

Жогорку кеңештин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закирович, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов , Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов “Ыраазычылык барагы” менен сыйланды.

Бүтүрүүчүлөрдүн кыздар тобунан Абдыжалилова Элиза, Абды кызы Мыскал, Абдумуталип кызы Айжаркын, Келдибекова Гүлнара, Алиева Айкүмүш, Батыралиева Балайым, Батирова Жазгүл, Исматилла кызы Нурзада, Бактыбаева Албина, Саитажиева Диларам, Кожакматова Айдай, Эрнис кызы Бурул кызыл диплом алышты.

Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн балдар тобунан Диканбаев Ибрагим, Мамытаалы уулу Майрамбек, Пирматов Абдулахат жана Садыбыкас уулу Жаңыбай кызыл диплом алышты.

Ошондой эле окууда жетишкен ийгиликтери үчүн бир топ студенттер грамоталар менен сыйланды. Бүтүүрүүчүлөр окуу жайдын алга карай өнүгүүсүнө салым кошуп келген төрт проректорлорду ак калпак менен сыйлашты. Ал эми окуу жайдын студенттик кеңешинин балдары бүтүрүүчү агаларына сый көрсөтүп, баш кийим тартуулашты. Студенттик кеңештин кыздар тобу бүтүрүүчү эжелерине гүлдесте жана белектерди ыйгарды. Кече Өтөнбай уулу Дүйшөнбек ажы жана Абдырахманов Кимсанбай ажынын батасы менен жыйынтыкталды.

19 19

Добавить комментарий