Диний мекемелер арасында спорттук мелдеш. 1-бөлүм:

Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний мекемелердин башын бириктирген спорттук мелдештин кезектеги  турнири Сокулук районуна караштуу Байтик айылында жайгашкан «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинде 7- май күнү болуп өттү. Аталган мелдешке КИУ нун мугалимдер жамаатынан жана студенттерден волейбол жана футбол боюнча командалар катышты.

Ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында уюштурулган спорттук мелдеш кызуу уланып, спорттун футбол жана волейбол түрлүрү боюнча өттү. Мелдешке 15 диний мекеме катышты:

  1. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы;
  2. Кыргызстан Ислам Университети;
  3. “Адеп башаты” коомдук фонду;
  4. И. Арабаев атындагы теология факультети жана колледжи;
  5. Арашан теология факультети;
  6. Борбордук мечит;
  7. “Асыл кенч” коомдук фонду;
  8. “Азхария” билим борбору;
  9. Аян ТВ;
  10. Куран нуру медресеси;
  11. Хазирети Осмон медресеси;
  12. Көлмө медресеси;
  13. Абдулла бин Аббас медресеси;
  14. Аль-Фарук медресеси;
  15. Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы медресеси.

Турнирде ар бир мекемеден мугалимдер жана студенттер командасы даярдыкта келишип, спорттун футбол жана волейбол түрлөрү боюнча мугалимдер жана студенттер командаларын эске алганда жалпысынан 60 тан ашык команда ат салышты. Иш-чаранын 1-бөлүмүндө спорттук мелдештер кызуу уланып, командалар күч сынашты жана жеңүүчүлөр аныкталды. Ошондой эле аталган мелдештин кийинки эстафетасын күзүндө Кара балта шаарындагы Хазрети Усман атындагы Ислам институту өткөрмөй болду.

Эскерте кетсек болуп өткөн спорттук мелдештин бул жолку эстафетасын «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фонду уюштурду.

12 9 4 1

Добавить комментарий