Даават кербени Талас облусунда.

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдер жамааты билим берүү менен гана чектелбестен өлкөбүздүн жети дубанына даават кербенин уюштуруп, динди жеткирүүдө өз салымдарын кошуп келет. Бул жолку кербен 4-5-6-май күндөрү Талас жергесинде болуп өттү. Ректорубуз Марс Ибраев баш болгон мугалимдер жамааты Талас шаардык жана Талас облусуна караштуу Талас, Бакай-ата, Кара-буура жана Манас райондорунун 13 мечитинде эл менен жолугушуп баян кылышты. Тагыраак айтканда:

  1. КИУ нун ректору Ибраев Марс устаз Кызыл октябрь айылынын “Ар-Рахман” мечити;
  2. Асамудинов Надыр (Молдо Надыр) менен Гулбаев Сирождин устаздар Талас шаарынын борбордук мечити;
  3. Садиллаев Ашур менен Кадыров Шамсуддин устаздар Өзгөрүш айылынын “Өзгөрүш” мечити;
  4. Акимбай уулу Равшан менен Курманкожоев Кенжетай устаздар Манас айлынын “Азирети Али” мечити;
  5. Ниязов Бакыт менен Баширов Ибрахим устаздар Манас районунун борбордук мечити;
  6. Матраимов Абдулбасыр, Масылбаев Нурлан жана Дарвешов Эрмат устаздар Ак-жар айылынын мечити;
  7. Рыскулов Ниматилла устаз Кара-буура районунун борбордук мечити;
  8. Ажыкулов Эстебес устаз Көк-таш айылынын мечити;
  9. Ташматов Шермухаммед менен Абдулла устаздар Талас шаарынын Хамза мечити;
  10. Узеналиев Салим устаз Май айылынын мечити;
  11. Калыков Заирбек устаз Ак-дөбө айылынын Коёнбай уулу Бакыт мечити;
  12. Керимбеков Алтынбек менен Саййид устаздар Талас шаарынын “Умму Раййан” мечити;
  13. Дүйшөнбеков Жусупали менен Алаа устаздар Ынтымак айылынын мечити

Мындан сырткары Молдо Надыр устазыбыз түптөгөн Али ибн Абуталиб медресесин зыяраттап, ал жерде бүтүрүүчүлөрүбүз менен жолугушуу уюштурулду. Ошондой эле кербендин алкагында “Манас атабызга сыйынбайбыз балким Манас атабыз  менен сыймыктанабыз” деген ураан астында «Манас ордо» улуттук тарыхый-маданий комплексин зыяраттап, Манас эпосунан үзүндү айтылып, Манас атабыздын рухуна Куран түшүрүлдү.121

15 21

Добавить комментарий