Сыйлык тапшыруу аземи 2-бөлүм

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата «Адеп башаты» коомдук фонду, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам Университети уюштурган «Ыйман, адеп — жааркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:

“Ислам негиздери” китеби боюнча 65 упай менен Ош шаарынан Талгат Акылбек уулу Умра сапарына жолдомого ээ болду.

034

 

Андан соң бирдей 64 упай чогулткан Марат Баястан уулу менен Гулнара Яйчибековаларга чүчүкулак алынып, жыйынтыгында Марат Баястан уулу 2-орунга, тагыраак айтканда 50 000 сомго ээ болду.

037

 

Ал эми Гулнара Яйчибекова 3-орунга 40 000 сомго ээ болду.

038

 

Ушул эле китептен катышып, 62 упай чогултушкан конкурстун үч катышуучусу чүчү кулактын негизинде 4-5-орундарга жана кызыктыруучу белектерди алууга аныкталды. Жыйынтыгында 4-орунду ээлеген Мукаррам Ташматовага 30 000 сом, (өзү келе албаганына байланыштуу сыйлык туугандарына тапшырылды)

039

 

5-орунга татыктуу болгон Раъно Абдуганиевага 20 000 сом (өзү келе албаганына байланыштуу сыйлык туугандарына тапшырылды)

040

жана Зарина Камчыбековага кызыктыруучу белектер тапшырылды.

041

 

Ошондой эле “Ислам негиздери” китебинен 60 упай чогулткан конкурстун катышуучуларына кызыктыруучу белектер тапшырылды.

042

 

“Пайгамбарыбыз САВ тынчтыктынжарчысы” китеби боюнча 71,5 упай менен үч жараныбыз бирдей чыгып, жеңүүчүнү аныктоодо чүчүкулак ойнотулду. Аземдин эң кичинекей коноктору катышуучулардын аты жазылган баракчаларды алып беришти. Жыйынтыгында Умра сапарына Тайирбек кызы Гулбарчындын аты чыгып, Умра сапарына жолдомону Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов тапшырды.


044

 

Ал эми чүчүкулактын негизинде 30 000 сомго Джапаркулов Иззатбектин жана 20 000 сомго Туйбаев  Талгаттын аттары чыгып, сыйлыктарды Кыргызстан Ислам Университетинин биринчи проректору Акимбай уулу Равшан ажы жана Азирети муфтийдин орун басары Эргешов Аким ажы тапшырышты.

045 046 047

 

Андан соң 71 упай менен бир чыккан үч катышуучунун ортосунда чүчүкулак ойнотулуп, жыйынтыгында 10 000 сомго Элбилет уулу Нурсултандын аты, 5 000 сомго Самай Алибековдун аты чыгып белектер тапшырылды. Ал эми Азамат Алыкулов кызыктыруучу белектерге ээ болду.

048 049 050 051 052

 

Айзат Шаршенбаева жана Анаргул Каразакова 70,5 упай менен ал эми Нурмухммед Нурланбек уулу, Махабат Кожоева, Перизат Чолоева, Омурбек Базарбаев, Наргиза Султан кызы жана Асылкан Таиржан кызы 70 упай менен кызыктыруучу белектерди алышты.

053

 

“Достопочтенная Хадиджа” китеби боюнча бирдей 72 упай чогултушкан беш киши арасында чүчүкулак ойнотулуп, жыйынтыгында Умра сапарына Бишкек шаарынан Мирзат Султанмуратованын аты чыкты. 2-орунга 30 000 сомго Жалал-абад облусунан Наргиза Алимбекованын, 3-орунга 20 000 сомго Авида Самаганованын, 4-орунга 10 000 сомго Баткен облусунан Нурлан Жанжигитов жана Ош шаарынан Гита Резаханованын аттары, ал эми 5 000 сомго 5-орунга Бишкек шаарынан Мукаш Абытовдун аттары чыгып, сыйлыктарын алышты.

054 055 056 057 058 059 060

 

Ал эми 71 упай чогултушкан он бир жаранга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

061 062

 

Кече Кыргызстан Ислам Университетинин биринчи проректору Акимбай уулу Раввшанбай ажынын бата-тилектери менен аяктады.

063 064 065 066 067

Добавить комментарий