БГПУ жана КИУ нун жетекчилиги ортосунда видеоконференция болуп өттү.

Бүгүн Мифтахиддин Акмулла атындагы Башкырстан Мамлекеттик Педагогикалык Университети менен Кыргызстан Ислам Университетинин жетекчилиги ортосунда видеоконференция болуп өттү.

2

Конференцияга Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Ибраев Марс Каипович, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын азирети Муфтийдин орун басары Акимбай ажы Эргешов, доцент, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын өкүлү Сооронкулов Гүлжигит Умарович, Кыргызстан Ислам Университетинин проректорлору,  Башкирстан Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин ректору, Педагогика илимдеринин доктору, профессор Асадуллин Раиль Мирваевич жана ошондой эле аталган университеттин проректорлору катышты.

“Евразия чөлкөмүндөгү диний билим берүүнүн келечеги” аттуу конференция алдын ала жүргүзүлгөн мамилелердин бышып жетилгендигинин белгиси болуп саналат. Анткени аталган университеттин өкүлдөрү буга чейин атайын келишип, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетишкен. Андан кийин да электрондук сүйлөшүүлөр уюштурулуп, натыйжасында бүгүн негизги маселелерге токтолушту. Кыргызстан Ислам Университети ректору Марс Ибраевдин айтымында бүгүнкү конференцияда эки тараптуу тажырыйба алмашууну жөнгө салуу жана келечекте биздин окуу жайда орус тилдүү жарандарга билим берүү борборун ачуу сунуштары каралды.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын азирети Муфтийдин орун басары Акимбай ажы Эргешовдун айтымында бул келишимдин орду өтө маанилүү. Себеби орус тилдүү борбордун ачылуусу менен көптөгөн жаштарыбыздын туура эмес багыттагы диний агымдарга кирип кетүүсүнө бөгөт койууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Добавить комментарий