Араб тили боюнча жарыш кыздар арасында

Араб тили кафедрасы уюштурган «Араб тилинде сүйлөөнү жана араб тилин жакшы көрөбүз» аттуу жарыштар 6-март күнү кыздар тобунун 2-курстар арасыында, ал эми 9-март күнү 1-курстар арасында өткөрүлдү. Жарышка КИУнун ректору Марс Ибраев, биринчи проректор Равшан Акимбай уулу, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев жана мугалимдер, студенттер катышты. Жарыш илимий жана окуяны сахналаштырып чагылдыруу болуп, эки негизде болду. Биринчи этапта көркөм окуу, татаал жана жөнөкөй сүйлөмдөрдү белгиленген убакыт аралыгында түзүү, экранда көрсөтүлгөн теманын алкагында маек куруу, жаңылмач айтуу, «Ал ким?» «Ухжия», сүрөткө кыска-нуска, маанилүү комментарий берүү жана башка ушул сыяктуу  кызыктуу бөлүмдөрдөн түзүлгөн. Бул бөлүмдүн эң кызыктуусу «ухжия» деп аталган оюн болду. Эки студент чыгып бирөөсү элди карап турса экинчиси экранды карап, ал жактан көрсөтүлгөн сөздү башка сөздөр менен ачыктап, түшүндүрүп берет. Бул студенттерди тил байлыгын өнүктүрүүгө өтө чоң салымын кошот. Ал эми экинчи этабында «Масрахия» бир окуяны сахнада чагылдыруу, «Факара хурра» эркин тема жана «Нашид» бөлүмдөрү түзүлгөн. Бул этапта кээ бир тайпалар кыргыздын эзелтен келген кыз узатуу каада салтын чагылдырып көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөшсө, кээ бирлери улуу Үркүндү чагылдырышып элди ыйлатты. 1-курстун студенттери өлкөбүздүн ар бир облусу тууралуу арабча маалымат айтыпшты жана ар бир облустан чыккан устаздарыбыз тууралуу маалымат берүү менен бирге ошол облустун тамагын да даярдашып мугалимдерге сунушту. Ал эми эркин темада кол өнөрчүлүк менен алектенген студенттер өз эмгектерин тартуулашты. Жалпысынан конкурс жогорку деңгээлде өттү. Мугалимдердин айтымында быйылкы 1-курстардын деңгээли былтыркыга салыштырмалуу бир топ жогору. Жыйынтыгында 2-курстардын арасында 227 упай менен 2-Б группасы биринчиликти алышса 1-курстардын арасынан 290 упай менен 1-Г группасы биринчиликти алышты. Жеңүүчүлөргө араб тили кафедрасы акчалай жана баалуу белектерди ыйгарды.
2

Добавить комментарий