“Студенттин илим алуусунда ата-эненин орду” аттуу чакан программадагы жолугушуу болуп өттү.

25-февраль күнү окуу жайдын жыйындар залында “Студенттин илим алуусунда ата-эненин орду” аттуу чакан программадагы жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстан Ислам Университетинин ректору, проректорлору, мугалимдери жана кыздар тобунун ата-энелери катышты. Жолугушуунун негизги максаты жаштардын билим алуусунда биргеликте тыгыз байланышта болуп, чогу иш алып баруу, студенттердин адеп-ахлагына көңүл бөлүү болуп саналат. Алгач КИУ нун Куран сабагынан мугалими Атабаев Зиябидин карынын Куран окуусу менен башталды. Андан соң КИУнун ректоруна сөз ыйгарылып, окуу жай тууралуу маалымат берди жана балдарын эки дүйнөнүн илимин окуткан Ислам университетине тапшырганы жана чакырыкты четке какпай келип бергендиги үчүн ата-энелерге терең ыраазычылыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө кыздардын ата-энелерине телефон чалып, алдын ала даярдалган “ата, апа мен сизди жакшы көрөм” деген жылуу сөздөрү арналган видео ролик көрсөтүлүп, анда чагылдырылган сезимдерге мугалимдер, ата-энелер жана коноктор күлүп да ыйлап да алышты. Иш чаранын алгачкы бөлүгү ата-энелердин ректорго болгон суроо, өтүнүчтөрү менен аяктады. Ректор ата-энелердин суроолоруна жооп берип, өтүнүч, сунуштарын эске алаарын билдирди. Жолугушуунун экинчи бөлүмүндө конок катары чакырылган ата-энелер кыздарынын даярдашкан дасторконунан даам татышып, сахналаштырылган чакан программаларына күбө болушту. Кыздар апаларына окуган илимдерин сахналаштырып чагылдырып, ата-эне тууралуу аят-хадистерди, монологторду көркөм окуп, энелердин жүрөктөрүнө жагымдуу таасир калтырышты. Жолугушуунун аягында коноктор КИУнун проректору Масылбаев Нурлан агай менен биргеликте университет менен кенен таанышып чыгышты.

3

Добавить комментарий