“Ыйман жана адеп-ахлак” аттуу семинар №68-мектеп-гимназиясында

Баарыбыздын самаганыбыз күчтүү, таза коомду куруу болуп саналат эмеспи. Ал эми ошол күчтүү коомду түзүүдөгү эң негизги булак ыйман болуп саналат. Ошондуктан “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргызстан Ислам Университети тарабынан “Ыйман жана адеп-ахлак” деген аталыштагы семинарлар Бишкек шаарындагы мектеп жана Жогорку окуу жайларда өткөрүлүүдө. 20-февраль күнү кезектеги семинар Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 – мектеп-гимназия окуу комплексинде болуп өттү. Аталган мектептин окуучулары менен Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими Усупов Улан агай жолугушту.

 “Бир канаты ыйман, адеп жана экинчи канаты илим-билим менен кубатталган алтын муун мына силерсиңер. Куш эч качан бир канаты менен уча албайт. Ошондой эле силер да илим-билим менен гана кубатталып, ыйман, адепти чансаңар бийиктиктерди багындыра албайсыңар. Ыйман адамды адам кылат, керек болсо аны ааламга султан кылат дегендей адам ыйманы менен гана бийиктеп, Жараткандын да пенделердин да ыраазычылыгына жетет.”-деди, Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими Усупуов Улан агай.

Агайдын айтымиында мындай жолугушуу, семинар, лекциялар көп уюштурулуусу зарыл. Себеби жаш муунга туура багыт берүү жалпыбыздын милдетибиз.

Жыйындын жүрүшүндө окуучулар ыйман, адеп-ахлака байланышкан суроолоруна жооп алышты.

№68 – мектеп-гимназия окуу комплексинин жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!

5 2

Добавить комментарий