Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында лекция өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин үстүбүздөгү жылды “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялаган жарлыгынын алкагында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында 15-февраль күнү КИУнун тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Бакытбек Ниязов Кыргыз Улуттук Университетинин студенттерине “Ислам — тынчтыктын жарчысы” деген аталышта лекция өттү. Лекцияга университеттин мугалимдери студенттери жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

КИУнун проректору Бакытбек Ниязовдун айтымында мындай жыйындар студенттерге ар кайсы туура эмес диний агымдар тууралуу түшүнүктөрдү жеткирүү менен алардан алыс болууга чакырууга жардам берет. Ислам дининде терроризм деген түшүнүк жок. Ал эми туура эмес агымдарга кирип жаткандардын көбү, динибиздин чыныгы маанисин терең түшүнбөгөндүктөн жана динден толук кабары жоктон пайда болуп жатат – деген пикирин билдирди.

Жолугушууда Бишкек шаардык ИИББнын кызматкерлери Кыргызстанда орун алып келген терроризмдин тарыхына токтолуп, студенттерди диний агымдарга жамынган күчтөрдүн курмандыгына айланып калбоого чакырып, терс күчтөрдүн адам ресурстарын өзүнө жакындатуунун этаптарын түшүндүрдү.

Жыйындын жүрүшүндө КУУ нун студенттери бүгүнкү күндө көйгөйлүү диний маселелерге байланышкан суроолоруна жооп алышты.

32

Добавить комментарий