КУУнун студенттерине “Ыйман жана адеп-ахлак” тууралуу семинар өтүлдү.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргызстан Ислам Университети тарабынан “Ыйман жана адеп-ахлак” деген аталыштагы семинарлар Бишкек шаарындагы мектеп жана Жогорку окуу жайларда өткөрүлүүдө. 16-февраль күнү Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Кыргыз Улуттук Университетинин студенттери менен жолугушуп, “Ыйман жана адеп-ахлак, суицид” тууралуу семинар өттү.

“Ар бир инсандын жазы, жайы жана күзү өз өзүнчө мөмөлүү болот. Ошондой эле ар бир инсандын кышы да болот. Бул мезгилдердин баарын жашайбыз. Урматтуу жаштар! Азыркы учур сиздердин жазыңыздар. Алла Таала буюрса мунун артынан мөмөлүү жай да, күз да келет. Ал мөмөлүү учурга жетүү үчүн билим менен жакшы сугарылып,  жакшы адеп-ахлагыбыз менен алкыш, баталарга татыктуу болуп, энергия алуубуз керек. Ошондуктан жаз мезгилиндей гүлдөп турган жаштыгыңарды пайдасыз нерселерге коротпогула.”-деди, КИУнун ректору Марс Ибраев.34

Ошондой эле ректор келечекте ийгиликтүү инсан болуу үчүн максатты туура коюп, максаттан сырткары эч нерсеге алаксыбастан, келечеке карай умтулуу өтө зарыл экендигин баса белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө ректор студенттердин суроолоруна жооп берди жана мыкты суроо берген студенттер Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан Ислам Университети тарабынан басылган китептер менен сыйланды.

5

Добавить комментарий