«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата өткөрүлүп жаткан кезектеги семинар

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин үстүбүздөгү жылды “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялаган жарлыгынын алкагында Кыргызстан Ислам Университети Бишкек шаарындагы мектептерге жана Жогорку окуу жайларга “Ыйман жана адеп-ахлак” деген аталыштагы семинарларды өткөзүп келүүдө. Кезектеги семинар 9-февраль күнү Бишкек шаарындагы №1-гимназия-интернатында болуп өттү. “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулган бул иш-чарада Кыргызстан Ислам Университетинин проректору Ниязов Бакытбек агай жана Аманова Рахат эжей аталган гимназиянын окуучуларына жана ата-энелерине семинар өтүштү. Семинарга гимназия-интернаттын директору, бөлүм башчылары, мугалимдери, участкалык милиция кызматкери жана ата-энелер, окуучулар катышты. Негизги тема: Ыймандуулукка, адептүүлүккө үндөө жана суициддин алдын алуу болду.

1

Кыргызстан Ислам Университетинин тышкы алака жана социалдык иштер боюнча проректору Бакытбек Ниязов ата-энелерге кайрылып, балдардын чөйрөсүнө көңүл болүүгө чакырды. “Анткени Пайгамбарыбыз (сав): Адам өз курбусунун дининде деген. Андыктан баланын саламатта өсүүсүндө чөйрөнүн таасири чоң”, — деди КИУнун проректору.

Пайгамбарыбыз (сав) бизге жеткирген Хадис Кудусийде Алла Таала: «Оо, менин пенделерим! Зулумдукту мен өзүмө да силерге да арам кылдым, андыктан өзүңөргө да өзгөлөргө да зулумдук кылбагыла!” дейт. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (сав) : “Өзүңө да, башка адамга да зыян жеткирбе!” деп буюрат. Учурда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Курани Каримдеги “Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү. Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна киргизебиз.” Ниса сүрөсүнүн 29-30-аяттарын жеткирүү үчүн, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп келүүдө.

КИУнун проректору Бакытбек Ниязов: Урматтуу ата-энелер! Балдарыбыз биздин аманатыбыз. Андыктан жакшы көңүл бөлөйлү. Жаштарыбыздын арасында болуп жаткан суицид сыяктуу жаман окуялар баарыбыздын башыбызды бириктип турат. Эсиң барда этегиңди жый деген сыяктуу дагы деле кеч эмес. Эсибиз барда ойлонойлу. Балдарыбыздын тарбиясына көңул бөлөйлү. Себеи Ислам шариятында “ата-эненин баласына берген жакшы тарбиясынан өтөөрлүк жакшы белек жок” деп айтылат.

5

Кыргызстан Ислам Университети өлкөбүздө болуп жаткан, баарыбыздын башыбызга келген илдет, дарт болуп саналган суицид маселеси менен биргеликте күрөшүү максатында мектеп жана ЖОЖдор арасында түшүндүрүү иштерин баштап, сунуш менен жетекчиликтерге кайрылууда. Бирок №1-гимназиянын жетекчилиги Кыргызстан Ислам Университетине өздөрү кайрылып, мугалимдерди лекция семинарларга чакырууда. Ошондуктан Проректор Бакытбек Ниязов №1 гимназия-интернаттын директоруна жана жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Ата-энелер ой-пикирлери менен бөлүштү. Кыргызстан Ислам Университетинин тажырыйбалуу мугалимдери балдарыбызга байма-бай семинарларды уюштуруп турса жакшы болот эле деген пикирлерин да ортого салышты.

3

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими Рахат Аманбаева: Мен эне катарында энелерибизге кайрылгым келет. Кыргыз элибизде айтылып келет: эгер ата жакшы болсо ген аркылуу өтүп, балдардын бирөөсү гана жакшы болуусу мүмкүн. Ал эми, эне жакшы болсо, анда балдардын баары жакшы болот. Ата жаман болсо генден өтүп, баланын бирөөсү гана жаман болуусу мүмкүн. Эне жаман болсо баланын баары жаман болот. Кээде угуп калабыз атасы жакшы болчу балдары жаман чыкты деп. Эмнеге? Анткени тарбия энеден болууда. Ошондуктан энелер балдарыбыздын тарбиясына көңүл бөлөйлү.

Жараткан жаныбарлардан айырмалап, акыл берип, адам кылып жараткан соң, акылды туура пайдаланып, адам бойдон өтүү зарыл экендигине басым жасады. Эгерде адам баласы өзүнө берилген акылды туура пайдаланса, Алла Таалага периштелерден да сүйкүмдүү болгон даражаларга жетээрин, ал эми, курсагын гана ойлоп, акылын туура эмес пайдаланса, айбандардан да төмөн даражага түшөөрүн айтты. Сөзүнүн аягында окуучуларды ата-энени, биртуугандарды жана мугалимдерди урматтап, сыйлоого чакырды.

Катышуучуларга медициналык жактан кеңеш берген Алмазбек уулу Надырдын айтымында негизинен адам баласында, айрыкча жаш балдарда 7 жаштан 22 жашка чейинки балдарда 2467 нерв клеткасы жайгашкак. Телефон менен сүлөшүүдө, электорндук аппараттардын экрандарына кароодо нерв клеткалары өз убактысы менен иштей албай жөндөмдүүлүгүн жоготот. Нерв клеткалары жабыркагандыктан балдар жаман жолдорго барат. Адамдын организмнде кичинекей жана чоң кан айлануу системасы алмашып турат. Планшет, телефон, компьютер сыяктуу электорндук аппараттарды колдонгон учурда кан айлануу системасы начарлайт да баш мээге кан айлануу жакшы жетпегендиктен балдардын ойлонуусу жана жөндөмдүүлүгү начарлайт.

9

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалими Рахат Аманбаеванын айтымында мисал менен адамдар бат кабыл алат. Мугалим эжей окуучуларга адамды эмнеге окшотуусун сурады. Окуучулар ар түрдүү жооп беришип, бирок толук жооп болбогондуктан эжей адам баласын батпиреке салыштырып, кызыктуу мисал айтып берди. Адам баласында жан, күч бар. Эгерде ошол мүмкүнчүлүгүн туура пайдаланып, туура максат койсо жана  келечекке туура кадам таштаса идал адам болуп, келечекте батпирек сыяктуу бийиктиктерге уча алат. Ал эми, жанын, күчүн туура эмес пайдаланып, максаты жок болсо, келечеке ишенимдүү кадам таштай албайт жана бийиктиктерди эч качан багындыра албайт.

10Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы  № 1-гимназия-интернатынын директору Нуркалы Байматовичке терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий