Ректор Марс Ибраев студенттер менен эркин форматта пикир алышты.

9-февраль бейшемби күнү Кыргызстан Ислам Университетинин жыйындар залында окуу жайдын ректору Марс Ибраев студенттер менен эркин форматта пикир алышты. Буга чейин окуу жайда сунуштар кутучасы уюштурулуп, аты жөнү жазылбаган баракчага студенттер өз сунуштарын, сын пикирлерин жазышкан эле. Ошонун негизинде ректор студенттердин ой-пикирлерин эске алып, жалпылай жооп берди. Жолугушуунун башында ректор студенттер тарабынан жашыруун түрдө жазылган каттагы окуу жайдын кээ бир ички маселелерине токтолду. Андан соң мугалим менен студенттин ортосунда болгон мамиледе студенттер сакташы керек болгон кээ бир адептерди эскертип өттү. Ошону менен бирге Марс Ибраев учурдун актуалдуу темасына айланган суицид (өзүн өзү өлтүрүү) тууралуу лекция окуду.

1Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын Аты менен баштаймын!

Ислам шарияты адам баласынын өмүрүн коргоо максатында өзүн өзү өлтүрүүнү арам кылган. Өмүр Аллах Таала тарабынан берилген аманат. Аманатка кыянат кылуу бул мунафык (эки жүздүүлүктүн) белгиси. Алла Таала Кереметтүү Курани Каримде Ниса сүрөсүндө:

وَلاَ تَقْتُلُواْ أَنفُسَكُمْ إِنَّ الله كَانَ بِكُمْ رَحِيماً

وَمَنْ يَفْعَلْ ذَلِكَ عُدْوَاناً وَظُلْماً فَسَوْفَ نُصْلِيهِ نَاراً وَكَانَ ذَلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيراً 

“Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү. Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна киргизебиз. Мындай кылуу Алла үчүн жеңил!” деп эскерткен. Алла Таала аманат кылып берген жанга кол салууга эч кандай акыбызы жок. Алла Таала момун мусулмандарга мээримдүүлүк кылып, кырсыкка алып бара турган иштерден кайтарып, ийгилике себепчи боло турган иштерге буюруп жатат бул аятта.3

عن أَبي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ: (مَنْ تَرَدَّى مِنْ جَبَلٍ فَقَتَلَ نَفْسَهُ فَهُوَ في نَارِ جَهَنَّمَ يَتَرَدَّى فِيهِ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيها أَبَدًا، وَمَنْ تَحَسَّى سُمًّا فَقَتَلَ نَفْسَهُ فَسُمُّهُ في يَدِهِ يَتَحَسَّاهُ في نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فيها أَبَدًا، وَمَنْ قَتَلَ نَفْسَهُ بِحَديدَةٍ فَحَدِيدَتُهُ في يَدِهِ يَجَأُ بِها في بَطْنِهِ في نَارِ جَهَنَّمَ خَالِدًا مُخَلَّدًا فِيها أَبَدًا).

Имам Муслим, имам Бухаринин сахихинде Абу Хурайра (р.а) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (сав) мындай дейт: “Ким өзүн тоодон таштап өлтүрсө, анда ал тозок отунда өзүн түбөлүк тоодон таштап азаптап өлтүрүп турат. Ким уу ичип өзүн өзү өлтүргөн болсо, анда ал тозок отунда колунда ууну ичип түбөлүк өлүп азапталып турат. Ким өзүн темир нерсе менен өлтүргөн болсо, ошол темирин колу менен кармап ичине сайып өзүн өзү өлтүрүп түбөлүк азапталып турат.” Бул хадистен Исламда өзүн өзү өлтүрүү жок экени айкын болууда.7

Жолугушуу суроо-жооп менен аяктады.

Добавить комментарий