“Ыйман жана адеп-ахлак” темасында семинар

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин үстүбүздөгү жылды “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялаган жарлыгынын алкагында Кыргызстан Ислам Университети Бишкек шаарындагы мектептерге жана Жогорку окуу жайларга “Ыйман жана адеп-ахлак” деген аталыштагы семинарларды өткөзүп келүүдө. Кезектеги семинар Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №71-мектеп интернатында болуп өттү. Аталган мектептин окуучулары менен Кыргызстан Ислам Университетинин биринчи проректору Акимбай уулу Равшан устаз жолугушуп, Ыйман, адеп-ахлак тууралуу кенен кеп кылып, суициддин (өзүн өзү өлтүрүү) алдын алуу темасына да токтолду. Инсандын өзүнүн өмүрүнө кол салуусу арам экендигин баса белгилеп өттү. КИУнун проректору Пайгамбарыбыздын, сахабалардын, дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы белгилүү инсандардын жашоо турмушундагы адеп-ахлакка үндөгөн өрнөктүү окуялардан үзүндү айтып, окуучулардын ата-энеге, биртуугандарга, агай-эжейлерге, классташтарга, кошуналарга жалпы коомчулукка жакшы мамиле кылууга болгон кызыгуусун ойготту. Жолугушуунун экинчи бөлүмү суроо-жооп, баарлашууга арналды. Окуучулар ыйман, адеп тууралуу суроо берип, канааттандырарлык жооп алганы байкалып турду. Анткени Устаздын ар бир жообун кол чабуу менен кабыл алып жатышты. Окуучулардын тартиби, адеп-ахлагы көргөн көздү кубандырбай койбойт. Ар бир окуучунун так жана даана суроо берип, көпчүлүктүн арасында өзүн адептүү алып жүргөн жүрүм туруму, мектепте адеп-ахлакка көңүл бөлүүнүн жана билим берүүнүн деңгээли өтө бийик экендигинен кабар берип турат. Мекенибизде ушундай ыймандуу, адептүү жаштар тарбияланып жаткан болсо Жараткан буюрса өлкөбүздүн келечеги кең болот. Семинардын аягында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулуп жаткан “ЫЙМАН, АДЕП – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!” аттуу китеп окуу конкурсунда окулуучу китептерди мектептин китепканасына тапшырды. Окуучуларды китеп окуу конкурсуна катышууга чакырып, жеңүүчүлөрдүн катарында көргүсү келгендигин билдирди. Мектептин жалпы эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!

1 2 4

Добавить комментарий