Дин кызматкерлери учак кырсыгынан каза болгондордун жакындарына колдоо көрсөтүштү.

Дача-СУ айылында учак кырсыгынан каза болгон мекендештерибиздин туугандарына Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдер жамааты бир күндүк айлык маянасын которушкан. Ошондой эле ишкер Нуркамил агаларыбыз, Мээрим эжелерибиз жана КИУнун студенттери да өз салымдарын кошуп, жалпы чогулган акчанын суммасы 97 миң 80 сомго жеткен. Кыргызстан Ислам Университетинин ректору жана проректорлору 28-январь күнү  чогулган сумманын бир бөлүгүн (32 миң 80 сом) ата-энеси учак кырсыгынан каза болгон Жакшылыктын чоң атасына жана экинчи бөлүгүн (32 миң сом) кырсыктын кесепетинен ата-энесинен ажыраган 1-класстын окуучусу Султандын чоң атасына тапшырышты.

2

Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдери Жакшылыктын ата-энесине жана кырсыкта каза болгон жалпы мекендештерибизге багыштап Куран окушуп, дуа кылышты.

3

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Марс Ибраев Жакшылыктын чоң-атасына көңүл айтып, КИУнун жалпы эмгек жамааты жана студенттеринин жана ишкер агаларыбыз, эжелерибиздин атынан аз болсо да жардам жана китеп, белектерди ыйгарды.

4

КИУнун мугалимдер жамааты Жакшылыктын чоң атасы Шераалы Сатыбалдиев менен баарлашып, сабыр кылууга чакырды.7

6

8 КИУнун мугалимдер жамааты апааттуу кырсыкта ата-энеси каза болгон Султандын абалынан кабар алып, ата-энесине арнап Куран окушту.

9

30-январь дүйшөмбү КИУда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө аймагындагы мечиттерден чогулган 3 385 486 сомду кырсыкта каза болгон мекендештерибиздин жакындарына тапшыруу аземин өткөрүштү. Каза болгондорго 100 000 сомдон ал эми жаракат алгандарга 25 000 сомдон жардам катарында жөлөк пул беришти. Ушул учурдан пайдаланып, Кыргызстан Ислам Университети да четте калбастан, окуу жайда чогулган акчанын үчүнчү бөлүгүн (33 000 сомду) жаракат алгандарга жардам берип, тилекке каршы өзү жан берген Сүйүнбай Батыров агабыздын туугандарына тапшырды.

10

Алгач Куран маркумдарга багышталып окулуп, азирети Муфтий дуа кылды.

11

Азирети Муфтий каза болгон мекендештерибиздин жакындарына көңүл айтып, сабырдуу болууга чакырды.

12

Топтолгон каражат КМДБ тарабынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен Курман болгондордун ар бирине 100 миң сомдон акча каражаты каралса ооруканадагыларга 20 миң сомдон чечилген. Жалпысынан кырсыктан көз жумгандарга 3, 550 000 сом берилсе, ден-соолугунан жабыркагандарга 120 000 сом тапшырылып, жалпысы болуп 3, 670 000 сомдук жардам берилди. Ал эми калган 215 468 сом жабыркагандарга таратылып берилмекчи.

13

1415 Ошондой эле Москва шаарындагы мекендештерибиз тарабынан чогултулган 400 миң рубль акча каражатын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов курман болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга таратып берип, кыйын мезгилде коомчулук дайыма жардам берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

17 16

Ушул учурдан пайдаланып, Кыргызстан Ислам Университети да четте калбастан, окуу жайда чогулган акчанын үчүнчү бөлүгүн (33 000 сомду) жаракат алгандарга жардам берип, тилекке каршы өзү жан берген Сүйүнбай Батыров агабыздын туугандарына тапшырды.

18Калкыбыз оор күндү баштан өткөрүп жаткан учурда дин кызматкерлери кайдыгер карабай руханий да, акчалай да жардам көрсөтүп өз салымдарын кошкондугу баарыбызды кубандырат. Жараткан кылган амалдарын кабыл кылып, өлкөбүзгө тынчтык, аманчылык элибизге ынтымак жана ыймандуулук берүүсүн тилеп кетмекчибиз!

Добавить комментарий